Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:14

Оштук журналисттер кесиптеши Алишер Саиповдун Кыргызстандын түштүк башкалаасында өлтүрүлүшүнө Өзбекстандын коопсуздук кызматынын катыштыгы бар деп күмөн санашууда. Ошондуктан, алар жаналгычтардын изи сууй электе табылып, тийиштүү жазасын алышына жеке өзү кийлигишүүсүн өтүнүп президент К.Бакиевдин наамына кайрылуу жолдошту. Ошол эле учурда бийликтин үлкөн өкүлдөрү мындай шектенүүлөр негизсиздигин билдирип жатышат.

Өкмөттүк «Кыргыз Туусу» гезитинин кабарчысы, Ош шаар мэринин басма сөз катчысы Жыпар Акунова Алишер Саиповго дейре төрт жыл мурда дагы бир кесиптешинин өмүрү кыйылгандыгына, бирок, ага күнөөкөрлөр алигүнчө табылбагандыгына тызылдады. Азыркысында деле укук коргоо органдары тарабынан айкындуулук болбой жаткадыгына капаланып, табышмактуу өлүмдүн себебин жандырмайынча милициянын жана мамлекеттик коопсуздук комитетинин имараттарынын астында нааразычылык акциясын улантышаарын жарыя кылды.

Медиа эксперт Бекполот Ибраимов журналисттер тарабынан чоң-кичине материалдар ар кыр булактар аркылуу такталып, кең-кесири иликтенип, анан редакцияга сунушталса, айтор, мыйзам чегинде аракеттенишсе, мындай трагедия болмок эмес деген пикирде.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, полковник Рустам Мырзаматов факты боюнча кылмыш иши козголуп, ар тараптуу иликтөө жүргүзүлүп жаткандыгын, азырынча эч кандай версия жоктугун, Өзбекстандын атайын кызматынын кандуу окуяга катыштыгы бардыгы жөн эле кеп экендигин, андай маалыматты басма сөз кызматкерлери таркатып жатышкандыгын билдирди.

ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын төрагасы Кадыр Кошалиев кесиптеши Саиповдун курч журналист экендигин эстеп, анын көзүнүн тазаланышына коёшу мамлекеттин атайын кызматынын тишеси бардай деген ойду кылтыйтат.

Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровду кепке тартканыбызда, «Саиповдун өлүмү боюнча териштирүү Президент Бакиевдин жеке көзөмөлүндө. Ошол себептүү массалык маалымат каражаттары тергөөгө тоскоол этпей, ушак-айыңды тыйгыла, журналисттик версияларга таянып, саясий боек сүрткөндү токтоткула!» деген суранычын жолдоду.

Эске сала кетели: 26 жаштагы Алишер Саипов дүйнөлүк бир катар массалык маалымат каражаттары, "Азаттык", "Би-Би-Си" жана "Америка добушу" менен тыгыз байланышта болгон. Акыркы алты айда Ошто өзбек тилинде «Саясат» гезитин үзгүлтүксүз чыгарып, курч-мурч макалалары менен Өзбекстан Президенти Каримовдун режимин Кыргызстанда катуу сындап турган. 24-октябрда кеңсесинин жанында атылып өлтүрүлүп, артында жапжаш аялы жесир, эки айлык жалгыз кызы жетим калды.
XS
SM
MD
LG