Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:12

КОЛ КҮРӨШТҮН ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР КЫЙЛАСЫН ЖЫКТЫ


Болгар өлкөсүнүн Великотырнове шаарында кол күрөш, армрестлинг боюнча дүйнө чемпионатынан кыргызстандык чоюн билек балбандар жеңиш менен кайтып келишти. Алар 1 алтын, 3 коло медаль утуп алышты.

Болгар өлкөсүндө өткөн кол күрөш боюнча дүйнөлүк таймашууга 43 мамлекеттин миңден ашуун балбаны күч сынашты. Кыргызстандын 3 спортчусу былтыр Англияда өткөн дүйнө чемпионатына алгач ирет катышуу менен Александр Ли коло медаль тагынып, байгенин эсебин ачкан. Быйылкы дүйнө чемпионатында өлкөнүн намысын 9 спортчу коргоп, ийгиликке жетишти.

50 кг салмактагы уландардын кол күрөшүндө кыргызстандык 17 жаштагы Дмитрий Белый бардык атаандаштарын оң колу менен жеңип, дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынып келди.

85 кг. салмактагы чоюн билек балбандардын таймашуусуна дүйнөнүн алты чемпиону, дүйнөлүк биринчиликтердин бир нече жолку жеңүүчүлөрү күч сынашып, кыргызстандык Мирлан Байчериков спорт адистеринин көңүлүн бурду. Ал дүйнөнүн жети жолку чемпиону словакиялык Ян Германусту жеңип, финалга чейин жетти. Финалдык таймашууда дүйнөнүн төрт жолку чемпиону украиналык руслан Бабаевге аз упай менен утулуп, Мирлан Байчериковго коло байге ыйгарылды.

Дүйнөлүк таймашууда мөрөй алган Мирландын айтымында бул спорттун өзгөчөлүгү тубаса күчтөн сырткары чапчаңдык, шамдагайлык зарыл. Алдыдагы максаттары тууралуу айтып, эмдиги жылы Канадада өтө турган дүйнө чемпионатында баш байгени жеңип алуу.

Кыз-келиндер арасындагы армрестлинг боюнча бишкектик Ольга Ярославцева оң жана сол колу менен кол күрөштө үчүнчү орунду ээлеп, эки коло медаль тагынды. Кырк жаштан ашкан Азия чемпиону Ольганын бул спорт менен машыкканына алты ай гана болгон.

Өлкөнүн кол күрөшү федерациясынын жетекчиси Жээнбек Мукамбетовдун айтымында айыл жергесиндеги тубаса күчтүү жигиттер бул спортко маани бербей, мелдештерге катышпай жүрүшөт.

Кыргызстандык кол күрөш чеберлери эми келээрки жылдын апрелинде Иранда болчу Азия чемпионатына демөөрчүлөрдү издей баштады. Каражат маселесинен кыйналгандыктан кыргыз спорт жетекчилерине Азия жана дүйнө чемпионаттарында байге алган спортчуларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлсө дейт өлкөнүн кол күрөш федерациясынын президенти, Азия армрестлинг федероациясынын башкы катчысы Жээнбек Мукамбетов.

Армрестлинг спорту 1961- жылдан бери эл аралык деңгээлде таанылып, дүйнөлүк федерациясы уюшулуп, учурда ага 80 мамлекет мүчө. Бул спортту олимпиадалык оюндардын программасына киргизүүгө аракет болууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG