Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

ЭЛ ҮНҮ


Бул жолу бизге кайрылган угармандарыбыздын дээрлик басымдуу бөлүгү бүгүнкү бийликтин ишинин чабалдыгы, референдумдун дээрлик бурмалоолор менен өткөндүгү, азык-түлүктөрдүн дагы деле болсо арзандабай жатканы, алдыдагы парламенттик шайлоолор тууралуу өз ой-пикирлерин айтып беришти. Ош облусундагы кабарчыбыз аркылуу «Эл үнүнө» ой-пикирин билдирген угармандарыбыз бийликтен ишеним кеткенин, президент Курманбек Бакиевдин мурдагы президент Аскар Акаевдин каталарын кайталап жатканын, элде нааразылык күчөгөнүн айтса, Нарын облусундагы кабарчыбыз аркылуу добуштарын уктуруп коюуну суранган угармандарыбыз өлкөдөгү жумушсуздук, азык-түлүктүн кымбаттап кеткендигинен улам элдердин кыйналып жатканы тууралуу айтышкан. Ал эми Баткен облусунун тургундары кабарчыбызга референдум бурмалоолор менен өткөндүгүн, бийлик административдик ресурстарды кеңири колдонгондугун, элдер референдумга өтө аз катышкандыгын айтып беришкен. (IJz)

Тектеш

XS
SM
MD
LG