Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:36

12:30 Кыргызстан журналисттеринин республикалык курултайы өтөт


Анда журналисттердин бирдиктүү Этикалык кодексин кабыл алуу жана ММКнын өзүн өзү тескөө органын түзүү каралган. Белгилүү болгондой, ушул жылдын июнь айында “Кыргызстанда ММКдын өзүн өзү тескөө маселелери” аттуу эл аралык конференциянын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан журналисттеринин этикалык кодексинин дролбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Учурда бул документ иштелип чыкты. Иш чаранын уюштуруучуларынын бири “Маалымат укугу борборунун” жетекчиси Нүргүл Абдыкеримованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, эми бул долбоорго толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген соң, ал 10-ноябрда өтө турган курултайдын катышуучулары тарабынан кабыл алыныш керек. Республикада биринчи ирээт өтүп жаткан бул иш чараны “Сорос-Кыргызстан”, “Маалымат укугу борбору”, “Журналисттер” коомдук бирикмеси, Медиа өкүл институту уюштурушууда.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG