Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

14:15 И.Карыпбеков: УТРКда жетекчиликке жаңы адам келгени менен негиздүү өзгөрүүлөр болбойт


Мындай пикирин Медиа өкүл институтунун аткаруучу директору Илим Карыпбеков “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, УТРКнын структурасы мурдагыдай калгандыктан, жаңы жетекчилик көзгө урунаар өзгөрүүлөрдү алып келээри чоң күмөн туудурууда. “Президенттин УТРКнын жетекчисинин милдетин аткаруучусун бекиткени мыйзамга каршы келбейт, бирок башкы директорду Байкоочулар кеңеши өзү бекитиши керек”, дейт И. Карыпбеков. 25-октябрда УТРКнын Байкоочулар кеңешинин төрагасын шайлоо өкөн, бирок кворум жок болгондуктан жана айрым мүчөлөр бир да талапкерге добушун бербегендиктен кеңештин төрагасы шайланбай калган. Кеңештин жобосу боюнча төрага сегизден кем эмес добуш алган шартта шайланды деп эсептелет. “Бул Байкоочу кеңештин ишине бөгөт коюу үчүн атайылап жасалган аракет деп ойлойм, азыр кеңештин иши кыймылсыз болуп калды”, дейт И. Карыпбеков. Президенттин 26-октябрда кол койгон жарлыгына ылайык, М. Эшимканов УТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп Байкоочулар Кеңеши функцияларын аткарбай калгандыгына байланыштуу жана мамлекеттик телерадиокорпорацияны башкаруунунун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында дайындалды.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG