Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз улуттук эстрадасынын негиз салуучуларынын бири таанымал ырчы-аткаруучу Алтынбек Сапаралиев, кутмандуу 60 жаш курагына келди.

Кайдасыңар, карлыгачтар
Сөзү И.Исаковдуку. Обону А.Бөдөшовдуку

Эстечи жашыл өзөндү,
Кумдарга түшкөн из кайда?
Бир баскан сулуу көчөңдө,
А силер кайда, биз кайда
Кайдасыңар карлыгачтар, курдаштар кайдасыңар.

Чырпыктай кезден жетилип,
Чынарга боюң теңдешкен
Күлүгүн суудан кечирип,
Көрүнчү кайра белестен,
Кайдасыңар карлыгачтар, курдаштар кайдасыңар.

Үмүттөр күйгөн шам болуп,
Уядан учкан түнөктөр,
Максаттар аткан таң болуп,
Толкундан бүткөн жүрөктүн,
Кайдасыңар карлыгачтар, курдаштар кайдасыңар,
кайдасыңар, кайдасыңар.

1969-жыл. Ар тараптуу шыкка бай шайыр Чоро Кожомжаров кыргыздын тунгуч эстрада ансамблин уюштурат. Жаш жааматтын ана башында басса-турса да, күндүр-түндүр жол жүрсө да оозунан ырын түшүрбөгөн кечээки айылдык шофер Алтынбек Сапаралиев турат. Ал кереметтүү музыка дүйнөсүнүн дарбазасын кандайча ачканын билиш үчүн микрофон сунганымда, ал мындай деди:

- Өзүңүз билгендей Совет доорунда кары дебей, жаш дебей өздүк көркөм чыгармачылыгына жандуу катышаар эле. Мен да айылыбыздагы өздүк көркөм чыгармачылыкка катышып жүрдүм. Болгону шофер болуп иштөөчүмүн. Кийин болсо ырга болгон куштарым артып, эч бир иштегим келбей эле ырдагым келип, ырга мас болуп жүргөн кезимде Кыргыз Улуттук филармониясында эстрадалык студия ачылып калды. Аны угуп филармонияга келип, сынактан өтүп музыка дүйнөсүнө аралаштым.

- Алтынбек мырза, алгачкы жолу чоң сахнада кайсыл жерде ырдап чыктың эле?

- Эң биринчи жолу чоң сахнада маркум залкар шайыр Шаршен Термечиковдун “Кантың барын” Жолдошбек Жылышбаевдин “Күтө, күтө зарыктым” аттуу ырларын ырдап чыктым.

- Ошондо өзүңдү кандай сездиң?

- Өздүк көркөм чыгармачылыктын сахнасы менен профессионалдык сахнанын айырмачылыгы бар экен. Чоң сахнада толкундоо өтө күчтүү экен. Мен биринчи жолу Нарын музыкалуу драма театрынын сахнасында ырдап чыктым. Азыркы күнгө чейин кандай ырдадым, өзүмдү кандай сездим деп эстөөгө аракеттенсем да такыр эсиме келбейт. Иши кылып эстрада ансамблдин жаш ырчысы деген жарыя эсимде. Ошентип, 1970-жылдын 2-апрелинде Нарындын музыкалуу драма театрында тушоом кесилди.

Кантың бар
Сөзү, обону Шаршен Термечиковдуку

Стаканда кантың бар,
Ыргаласың баркың бар
Ыргаласың, жыргаласың,
Ышкылуусуз жалпынган.

Чайга салган кантың бар,
Чайкаласың баркың бар
Чайкаласың, жайкаласың,
Чолпонсузбу балкыган?

Пиялада кантың бар,
Билимдүүсүң баркың бар
Билимдүүсүң, илимдүүсүң,
Бирге жүрсөм артыңдан.

Баласыңбы жулкунган?
Балапансыңбы кулпунган?
Баркыңыз бар, жалтылдайсыз,
Калгым келбейт артыңдан.

- Алтынбек мырза, мына азыр эле угуучуларга эң алгачкы жолу эстрада тобунун коштоосунда ырдаган Шаршендин “Кантың барын” уктук. Ырахмат. Ал эми музыкалык сабаттын ырдоонун адеген арибин үйрөткөн устаттарың кимдер эле?

- Филармониянын студиясына киргенде биринчи мугалимим Жаныбек Жалгасынов болду. Ал мага кандай ырдашты үйрөттү. Ал эми мени эстрада ырчысы деген атка, атакка жеткирген эстрада тобунун уюштуруучусу, көркөм жетекчиси Чоро Кожомжаров болду. Маркум Чоро менен бирге өздүк репертуарымды тандоочубуз. Анан андай ырда, мындай ырда деген насаатын айтып, атайын мен үчүн Шаршендин “Кантың барын”, Эсенаалынын “Ой тобосун” ж.б. ырларды иштеп чыгып ырдатты. Чоро кыргыз ырларынын колоритине, обонуна, сөзүнө өзгөчө көңүл бөлүүчү. Маселен тигил же бул обончудан, композитордон 10-15 ыр алып келсек, “Жонун басып, тишин ачып” дегендей ар бир ырды фортопеанонун коштоосунда ойлоп, бул жарайт, бул жарабайт” деп аябай тандап, жарагандарын өзү эстрада тобу, ырчылар үчүн иштеп чыгуучу. Кептин чынын айтсам устатым Чоро Кожомжаров болду.

Ой тобо
Сөзү, обону Эсенаалы Кушчиевдики

Жагалмай деген жапан куш,
Жар ташка барып конгон жок,
Жарпымды жазар тең курбум
Ой тобо деги, деги
Жайлообуз бирге болгон жок.

Кыргыяк деген кыраан куш,
Кыр ташка барып конгон жок,
Кылыкташ менин тең курбум,
Ой тобо деги, деги
Кытообуз бирге болгон жок.

Агарып аткан таң менен
Аркарлар аттайт кумайда
Алыска кетип калат деп
Ой тобо, деги, деги
Асылкеч курбум муңайбы.

- Алтынбек мырза, 37 жылдан бери ондогон обончулардын, композиторлордун ар кандай маңыздагы, түркүн обондордогу ырларын ырдадың, азыр да ырдап жүрөсүң. Ошолордун ичинен бассаң-турсаң да көңүлүңдө шыбырап жашаган ырлар барбы?

- Сөзсүз эле жан дүйнөдө шыбыраган ырлар болот экен. Ар бир ырчынын орусча айтканда жылдыздай жанган ырлары болот экен. Маселен мен үчүн “Кантың бар”. Бул ырды сахнага ырдап чыккан күндөн азыркы күнгө чейин угуучулар: Ой “Кантың бар” кандайсың. “Кантың барды ырда” деп сурашат. Ал турсун угуучулар Алтынбек деп чакырышпастан Ой Кантың бар кандай сак саламатта жүрөсүңбү деп учурашат. Мен болсом аларга Кудайга шүгүр жакшы кант түгөнө элек” деп тамашалап коем. Экинчиден жаш кезде ырдын авторуна анча көңүл бөлчү эмесмин. Менин көңүлүмдө Д.Жылышбаевдин “Жүрөктү жүрөк тандасын”, “Стамбулдун кыздары”, М.Бегалиевдин “Тоо гүлү”, Кубанычбек Осмоновдун “Энекебай”, “Тоолук кыз” аттуу ырларынын обондору бассам-турсам көңүлүмдө шыбырап, жүрөгүмдө жашап келүүдө.

- Алтын мырза, тажрыйбага бай эстрада ырчысы катары бүгүнкү күндөгү кыргыздын эстрада музыкасынын абалы жөнүндө жеке оюң кандай?

- Доор өзгөрүп, муун алмашканда сөзсүз эле тирешүү, түшүнбөстүк, жаакташуу болот экен. Ошондуктан мен аларга анча деле көңүл бурганым жок. Анткени биз жаңыдан улуттук эстарда тобун уюштуруп ырдап чыкканда улуу муундагы угуучулар, ырчылар, ой, айланайындар кыргыздар силердей оштонуп, ойкуштанып ырдабайт койгул – деп, аябай сындашчу эле. Мени кубантканы кыргыз эстрадасы биздин доор менен токтоп калбай, жаманбы, жакшыбы өнүгүп жатканында. Азыркыларды ой жаман экен дегенде эле жакшы болуп кетпейт. Коом, муун алмашканда да сөзсүз жаакташуу сын болот. Азыркы күндө баарына эле уруксат берилип калбадыбы. Ошондуктан сөзүнө да, обонунда да көңул бурулбай калды. Менимче элге жаккандары калат, жакпагандары сууга түшкөн чоктой болуп өзүнөн өзү өчүп жок боло берет. Ырас, азыркы жаш эстрада ырчылардын арасында тишке илине тургандары бар. Дагы кайталап айтам алардын арасында жылт этип жанып, жалп этип өчүп калган обончулар, ырчылар бар. Компютер, интернет деген чыкты. Кнопканы басса каалаган музыка чыгат экен. Жаш обончулар, ырчылар батыштын ырчыларын, музыкасын туурап ырдап, музыка жазышып атат менимче алда калат. Кудай буюрса бул оорудан да айыгабыз. Сөзсүз биздин кылымдарды карытып келген улуттук колорит, обон калат.

- Мына 60 жаштка чыгып олтурасың. Кутмандуу курагың кут болсун! Дагы эле сахнадан түшпөй ырдап атасыңбы? Ырдап жүрсөң өздүк репертуарың да кандай жаңы чыгармалар бар?

- Ырыхмат. Угуучуларым, тааныштарым менден сурап калышат. Алтынбек канчага чыктың деп. Мен аларга араң эле алтымышка чыктым деп тамаша менен жооп берем. 60 жылдыгыма карата үстүбүздөгү жылдын биринчи декабринде отчеттук концерт берейин деп даярданып жатам. Азыркы кезде таптакыр эч ким уга элек жаңы ырларды тасмага жаздырып атам. Эми жаш кезде ырдагандай сүйүү, күйүү ырларын ырдабастан, эл, жер, балага батаңды бер, насыят айт, карылыка арналган ырларды ырдап чыгайын деп турам. Азыр үч ыр даяр болду. Биринчиси Абас Чикеевдин «Байбичем», экинчиси ошол эле автордун «Ысыккөлгө» аттуу ырын, анан Шарип Абдылаев деген жигиттин «Насыят» деген ырын даярдадым. Телеге тартылдым. Ошентип баш-аягы он жаңы ыр болот. Мына ошол ырларды элге тартуулайын деп турам.

- Кызыктуу баардашууна чоң ырахмат. Кутман курагың кут болсун. Оозуңдан ырың түшпөсүн. Жүзүңдөн сулуулуктун нуру өчпөсүн!
XS
SM
MD
LG