Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Ливияда Дарфур боюнча сүйлөшүүлөр уланууда


Судандын Дарфур провинциясында тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр Улуттар уюмунун жана Африка союзунун ортомчулугу астында өтүүдө. Кечээ жолугушуунун башталышында Судан өкмөтүнүн өкүлү ок атуу бир тараптуу түрдө токтотулганын билдирди. Анткен менен байкоочулардын пикиринде, бул демилге тынчтык жөнүндө узак мөөнөттүү келишим түзүүгө жардам берери күмөндүүдөй. Анткени Дарфурдагы негизги козголоңчул топтордун лидерлери сүйлөшүүлөрдү бойкоттоодо. Бул чөлкөмдө төрт жылга созулган куралдуу жаңжаалдан 200 миңден ашуун адам өлүп, дагы 2 миллиондой киши качкын катары жер которду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG