Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Ирактын Кербала провинциясын көзөмөлдөө жергиликтүү күчтөргө өткөрүлүп берилет


Америкалык аскерлер Кербала провинциясын көзөмөлдөөнү жергиликтүү коопсуздук күчтөргө эң эрте дегенде дүйшөмбү күнү өткөрүп берери күтүлүүдө. Кербала Ирактын 18 провинциясынын коопсуздук көзөмөлү жергиликтүү күчтөргө берилген сегизинчи провинциясы болот. Бирок америкалык аскерлер зарыл учурда ирактык аскерлерге жардам көргөзүү үчүн өз турумдарына кала бермекчи. Багдаддан 80 чакырымдай түштүктө жайгашкан Кербала провинциясы салыштырмалуу тынч аймак катары эсептелет. Бул аймакта шийттердин өз ара атаандашкан бир нече топтору бар.

XS
SM
MD
LG