Бул тууралуу партиянын төрагасынын орун басары Эмил Алиев билдирди. Анын айтымында, партия ноябрь айынын башында шайлоого байланыштуу курултай өткөрөт. Айрым партиялар «Арнамыска» кошулугууга ниеттенүүдө. Бул курултайда ишке ашат, -деди Алиев. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев башында турган Социал-демократиялык партия болсо курултайын 7-ноябрга которду. Бул тууралуу партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсалов билдирди. Курултайда партиянын шайлоого баруучу тизмеси бекитилмекчи.(AiT)