Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

10:20 ИИМ: Милициянын кызматкерлери 26-октябрда Нарында саясий ишмерлердин унаасын токтотушканын билген эмес


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматы өткөн жумада Нарында болгон окуяга байланыштуу билдирди. Маалыматка ылайык, 26-октябрда Нарын областынын Кочкор районундагы Сүттү-Булак капчыгайында, Бишкек-Торугарт автожолунда милиция кызматкерлеринин эки тобу кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча операция жүргүзүп жатышкан. ИИМдин басма-сөз кызматы кабарлаганга караганда, саат 17:00 ченде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп саналаган Малик Макатаевдин унаасы кармалган. Анда Макаров үлгүсүндөгү тапанча табылган. Ал эми оппозициянын лидерлери Ө.Текебаев, Т.Сариев, К. Байболов жана Ө.Абдырахманов бара жаткан унааны милициянын экинчи тобу кармаган. Басма-сөз кызматы билдиргендей, милициянын кызматкерлери аталган унаада саясий ишмерлер бар экенин билишкен эмес. Ал эми “Ата Мекен” партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов ИИМдин мындай билдирүүсүнө байланыштуу “Азаттыкка”: “Милиция кызматкерлери унаада биз бара жатканыбызды билген. Эми азыр ушинтип актанып отурат. Алар айтып жаткандагыдай болсо, анда алар бир кылмыштуу топту кармай албагандыгын, бул өз кезегинде биздин милициянын чабалдыгын көрсөтүп турат”, деп билдирди. Маалым болгондой, 26-октябрда милициянын атайын багыттагы жоокерлери саясатчылардын автоунааларын ок атуу менен токтотуп, унаалардын ичинде саясатчылар отурушканы аныкталгандан кийин кечирим сурап, кое беришкен. (MSu)

XS
SM
MD
LG