Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

ТЕМИР САРИЕВ: “ АК ЖОЛ” БИЙЛИККЕ, “АТА МЕКЕН” ЭЛГЕ ИШЕНИП ЖАТАТ


“Ак Шумкар” партиясы парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясынын туусу астында бара турганын өткөн жумада жарыя кылган. 31-октябрда “Ата Мекен” партиясынын курултайы өткөрүлүп, анда партиянын ишенген саясатчы ишмерлеринин тизмеси кабыл алынмакчы. “Ак Шумкар” партиясынын теңтөрагасы Темир Сариев бийликчил партиялар административдик ресурска ишенип жатканын, ал эми оппозициядагы партиялар элге жана өзүнүн күчүнө ишенип жатканын “Азаттыктын” таңкы уктурууларында сүйлөгөн сөзүндө баса белгиледи.

-Темир мырза, жакында боло турган парламенттик шайлоого “Ак Шумкар” партиясы “Ата Мекен” партиясы менен чогуу барат деген маалыматтар бар. Оппозициялык партиялардын биригүүсүнө кандай зарылчылык болду?

-Ооба, парламенттик шайлоого “Ак Шумкар” партиясынын саясий кеңеши “Ата Мекен” партиясы менен сүйлөшүп, чечим кабыл алдык. Буга негизинен бүгүнкү шарт мажбур кылып жатат. Мындан тышкары биздин шайлоочуларыбыз, саясатчылар “оппозиция шайлоого бирдиктүү туруп, күч болуп барбаса, бийликтин административдик күчүнө алы жетпей калат” деген пикирлерин айтышты. Анын үстүнө жакында болгон референдумду өткөрүү боюнча бийликтин кылган жоруктарын көрүп туруп, биз ушундай чечим кабыл алдык. Кудай буйруса шайлоого биз бирдиктүү күч болуп барабыз.

- “Ак шумкар” партиясы жакында эле уюшулганына карабай катары калың болчу. Бирок акыркы саясий окуялардан кийин кээ бир мүчөлөр партиядан чыгып кетишти. Кээ бирөөлөрү ачык эле бийлик тарапка өттү. Мына ушундай бөлүнүп-жарылуу коомчулукта “оппозицияга бийлик эле керек экен” деген түшүнүктү түзүп жаткан жокпу? Дегеним элдин ишеничи кете баштагансыйт..

-Элдин ишеничи кетпейт. Анткени оппозициянын катарында өз сөздөрүнөн, позицияларынан танбаган күчтүү инсандар да бар. Кеткен адамдар менен да учурунда чогуу жүрдүк, аларды күнөөлөбөйм. Бирок алар бүгүнкү шартка туруштук бере албай өздөрүнүн чечимдерин кабыл алышты. Кээ бирөөлөрү шайлоого барбайбыз дешти, айрымдары башка партиялардын тизмеси менен барышмакчы. Айтып коюшум керек, бийлик тарабынан оппозицияга абдан катуу кысым көрсөтүлүп атат, алардын ичинен орус улутундагы адамдарды да коркутуп-үркүтүүгө чейин барышты, кээ бири аргасыздан партиянын катарынан чыгып кетүүгө мажбур болушту. Ал эми биздин чоң саясатчылар болсо ар ким өз шартына, кызыкчылыгына жараша кадам шилтеп атышат. Бирок оппозициянын, прогрессивдүү күчтөрдүн катарында туруктуу адамдар бар. Жакында 31-октябрда “Ата Мекен” партиясынын курултайы болот. Ошондо биз тизмени каттайбыз да, анан элге жарыялайбыз.

-Бул жолку шайлоо мурдагылардан айырмаланып жалаң партиялык тизме менен болмокчу. Бирок ишенич барбы бул жолу таза, адилет шайлоо болот деген?

-Тилекке каршы референдум өткөндө анын жолдорун көрүп, кандай күч колдонулганы тууралуу ачык айтып чыкканбыз. Бирок бийликтин “Ак Жол” партиясы административдик күчкө ишенип, көз боемочулук кылабыз деп атат. Ал эми биз болсо “Ата Мекен” партиясынын алдында түзүлгөн прогрессивдүү оппозициялык күчтөрдүн тизмеси деп, элге ишенип, өзүбүздүн активисттерге, партиялаштарыбызга ишенип барып жатабыз. Мыйзам бузууга жол бербейбиз, деп алар бизди, биз аларды ишендирип атабыз. Бирок эгер мыйзам бузула турган болсо, бийлик өз башынан өткөргөн, эмнеге айланып кетүүсү мүмкүн экенин алар билет, түшүнөт.

-Темир мырза, сизге чоң рахмат, биздин суроолорго жооп бергениңиз үчүн!

XS
SM
MD
LG