Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

Кыргызстандын Улуттук телерадиокорпорациясында өткөн жумада жетекчилик алмашты. Кыяз Молдокасымов баш директор кызматынан бошотулуп, бул орунга экс-депутат М. Эшимканов дайындалды. УТРКнын жетекчисин негизи талап боюнча Байкоочулар Кеңеши сынак аркылуу тандап алышы керек эле. Бирок Байкоочулар Кеңешинин сегиз мүчөсү өз милдеттерин аткаруудан баш тарткан үчүн бул уюмдун иши токтоп калганына байланыштуу президент М. Эшимкановду убактылуу дайындап жатканы Жарлыкта айтылган. Ошол эле учурда медиа тармагындагы эксперттер Байкоочулар Кеңешинин ишине жогорку бийлик тараптан бут тосуулар, жасалма тоскоолдуктар болуп жатат деген пикирде болуп жатышат. Бул жөнүндө ушундай ой-пикирин “Азаттыктын” таңкы уктурууларында “Медиа өкүл” институтунун аткаруучу директору Илим Карыпбеков да билдирди.

-Жакында эле Улуттук телерадиокорпорациянын жетекчилиги алмашты. УТРКнын аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу болуп барган Мелис Эшимканов Биринчи Улуттук каналдын берүүлөрү сапаттык жагынан жакшы өзгөртүүлөргө туш болорун убада кылууда. Сиздин пикириңиз?

-Мелис Эшимканов өзүнүн журналист багытында, жалыга маалымдоочу каражаттары багытында көп иш-аракеттерди кылып жүргөн. “Агым”, “Асаба” менен көп жыл иштеди. Ошонун негизинде журналист катары сапаттуу өзгөртүүлөрдү жасайм деп убада кылып атышы мүмкүн. Бирок УТРКнын негизги түзүлүшү азыркы учурда өзгөрүлө элек. Байкоочу Кеңеши иштеп, өз ишин аткарып баштамайынча эч кандай өзгөрүүлөр болбойт. Структуралык өзгөрүүлөр болбойт, ага негиз жок.

-Мелис Эшимканов УТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп Байкоочулар Кеңеши функцияларын аткарбай калгандыгына байланыштуу жана мамлекеттик телерадиокорпорацияны башкаруунунун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында дайындалганы айтылууда. Бул Байкоочу кеңешти да жогору жактан көзөмөлдөөгө болгон аракет эмеспи? Сиз кандай ойлойсуз? Деги эле бул жерде УТРКны коомдук телеканалга айландыруу тууралуу түпкү максат көрүнбөгөнсүйт..

-Өзүңүздөр билесиздер УТРКны коомдук телеканал кылып, көп-көп негизги ыйгарым укуктарды Байкоочу Кеңешке берүүгө бийлик мурунтан эле тоскоолдуктарды кылып келген. Ошондуктан, бийлик азыр Байкоочу Кеңешинин иштеп кетүүсүнө жана УТРКнын өзгөрүүсүнө абдан эле кызыкдар деп айтууга болбойт. Бул эң туура эмес. Кайсы бир деңгээлде Байкоочу Кеңештин иштебей, чачыранды болуп жатканы бийлик үчүн жакшы. Ошондуктан анын иштешине жасалма бөгөт коюлуп жатат. Бирок муну Мелис Эшимкановдун УТРКга келиши менен байланыштырууга болбойт. Анткени аны дайындап, мамлекет башчы өзү мыйзам бузду.

-Сөз эркиндиги боюнча сөз кылсак, Жаңы бийликтин тушунда сөз эркиндиги мурдагыдан да кысымга алынып жатат деген дооматтар бар. Айрым бир басма сөз каражаттары кийинчерээк мамлекеттик ишканалардан маалымат алуу оордоп бара жатканын айтышууда. Сиздердин институтта бул боюнча мониторинг жүргүзүлөбү? Эгер жүргүзүлсө жыйынтыктары кандай?

-Тилекке каршы, чынында эле жаңы бийлик келгенден бери сөз эркиндигинин өнүгүшү токтоп калды. Азыркы учурда журналисттерге түрдүү ыкма менен кысым көрсөтүүлөр болуп атат. Уруп-сабоодон тартып, административдик басым көрсөтүү, телефон укугу дегендер абдан көп болуп атат. Мындан тышкары белгилүү журналист Алишер Саиповду өлтүрүп кетишти. Мурдагы бийликтин тушунда мындай нерсе түздөн-түз болгон эмес. Андан тышкары дагы баса белгилеп айта кетчү нерсе: көз карандысыз маалымат каражаттары, электрондук маалымат каражаттары таптакыр жок калды. Демек, бул – кайсы бир деңгээлде Кыргызстанда сөз эркиндигинин төмөндөшү болуп эсептелет.

-Илим мырза, сизге чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG