Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

12:10 Президент өлкөдө баа саясатын жөнгө салуу зарылчылыгын айтты


Бүгүн президент К. Бакиев президент администрациясынын башчысы М.Садыркуловдун, бөлүм башчыларынын катышуусу менен иш жыйынын өткөрдү. Жыйынга ошондой эле мамлекеттик катчы А. Мадумаров жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Т. Мамытов катышты. Президенттин басма-сөз кызматынан маалымдашкандай, мамлект башчы өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына токтолуп, баа саясатын мындан ары да жөнгө салуу зарылчылыгын айтты. Президенттин белгилешинче, азык түлүккө, унга болгон баанын кымбатташына байланыштуу монополдукка каршы саясат боюнча жана салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттердин жүргүзгөн жумушунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Мындан тышкары, жыйында региондордо жашоонун абалын жакшыртуу, күзгү сугат иштеринин жүрүшү, кышкыга даярдык маселелери козголду.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG