Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

12:45 "Украина Кыргызстанга болгон карызынан “күчкө салуу” менен кутулууга аракеттенүүдө"


Бул тууралуу Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин “Коммерсант-Украина” басылмасындагы макалага берген жообунда айтылат. Макала Украинанын Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүүсү тууралуу 26-октябрдагы кыргыз-украин бейрасмий сүйлөшүүлөрүнө арналган. Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги анда айтылгандар менен макул болбой, Украинанын Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчөлүккө өтүшү боюнча Кыргызстан өз позициясында калаарын билдирди. Билдирүүдө ошондой эле бересе тууралуу 2002-жылдан бери эле сүйлөшүүлөр болуп келатканы, анда кыргыз тарап ар дайым сылык-сыпаа болгонуна карабастан, Украина Кыргызстандын соода- экономикалык кызыкчылыгын эске албай, бул маселени өз пайдасына чечүүнү көздөп келгени бегиленген. Кыргызстандын эсептөөсү боюнча Украина 27 миллион доллар бересе. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG