Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:55

13:40 Адилет Айтикеев сот чечими менен Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына камалды


УККнын маалымат борборунун билдиришинче Адилет Айтикеевге оппозициянын апрель митингисиндеги баш аламандыкты уюштурган, тергөө кызматындагыларга айтпай туруп жашаган жерин өзгөрткөн, тергөө иштерине келген эмес деген айыптар тагылууда. “Канжар” жаштар уюмунун лидери биринчи ирээт 24-апрелде камалган. Андан соң депутаттардын кепилдиги менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп бошотулган эле. 19-июнда баш коргоо чарасы кайрадан өзгөрүп, Адилет Айтикеевге эл аралык издөө жарыяланган. 25-октябрда экинчи ирээт Адилет Айтикеевдин камалышын айрым укук коргоочулар, жаш лидерлер “массалык баш аламандыктын негизги уюштуруучулары камалбай, алтүгүл жогорку кызматта отурат, ал эми аларды колдоп чыккан жаштар кармалууда” деп, айыптап жатышат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG