Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:02

ЖАҢЫ ЖЫЛГА ДАГЫ БЮДЖЕТИ ЖОК БАРАБЫЗБЫ?

  • Ырысбай Абдыраимов

Жалалабаттык тургундардын арасында Жогорку Кеңештин таркатылышы менен өлкөнүн эмки жылга бюджети жаңы жылга дейре кабыл алынбай, Күмтөр боюнча макулдашуу ишке кирбей, республика андан түшчү пайдадан кур жалак калат деген чочулоолор бар. Парламенттин таркатылышын кубаттап, бюджет өз убагында кабыл алынарына ишенгендер да жок эмес.

Март ыңкылабынан кийин парламентти таркатуу демилгесин көтөрүп келаткан бийликчил партиялардын талабы ишке ашты. Бийликтин кемчилигин сындап, конституциялык реформаны талап кылган депутаттарды таркатууну, губернатордун орунбасары Камила Талиеванын айтымында, эл өкүлдөрү да президентке ал облуска келген маалда да кулак кагыш кылышкан.

Бирок, жакындап келаткан парламенттик шайлоодон улам саясий талаш-тартыш күчөп, быйыл да мамлекеттин бюджети жаңы жылга дейре кабыл алынбай, өлкө мыйзамсыз жашап калуусу ыктымал. Жогорку Кеңештин тарашы менен дагы ошондой кырдаал башбактап турат. Сузак районунан Узакбай Маматкуловдун пикири боюнча декабрдын ортосунда келе турган парламент бюджет маселесин кароону создуктуруп жибериши мүмкүн:

- Эмдиги жылдын бюджети да каралбай калды. Аны да такташ керек. Декабрдын он алтысында шайланса, антип минтип этек-башын жыйганча жаңы жыл да кирип келет.

Президент кымбатчылыкты жана шайлоого кетчү чыгымдарды эске албай, парламенттин өз мөөнөтүнүн акырына дейре иштөөсүнө мүмкүндүк берген жок. Эки жарым жыл иштеген депутаттар “Кумтөр” ишканасы менен өкмөттүн соңку макулдашуусун кабыл алуу өңдүү бир топ талылуу маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга үлгүрбөй калды. ”Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Исабек Алдозовдун пикирине караганда, “Кумтөр” макулдашуусу кабыл алынып калганда, аталган ишкана жаңы жылдан тарта жок дегенде бир аз болсо да мамлекет казынасына кошумча бере баштамак.


- Булар мыйзам боюнча беш жылга шайланышкан. Беш жыл отуруп, өзүнүн вазийпасын аткарыш керек болчу. Ушул жаңы келген парламент кайсы бир деңгээлде ушул маселелерди карап улантып кетет. Ошол тарап ойлондурат. Кумтөрдүн маселесин аягына чыкпай таркап кетиштир. Ошол дагы ойлондурат. Кумтөрдүн маселеси азыр туңгуюкка такалып калды деген ойдомун. Курч маселелер каралбай кетти,- дейт Исабек Алдозов.

Парламенттин таралышы мыйзам ченемдүү көрүнүш болду. Либералдык-прогрессивдик партиянын облустагы өкүлү Майрамбек Адылбеков жаңы шайланаар парламенттин бюджетти өз убагында кабыл алынуусуна ишенет.

- Жогорку Кеңеш жаман иштедиби же жакшы иштедиби, өзүнүн тарыхый милдетин аткарды деп ойлойм. 24-марттан кийин эле баардыгы Жогорку Кеңешти таратууну көпчүлүк калк айтып жүрүшкөн,- дейт Майрамбек Адылбеков.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG