Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:35

Аргентинанын канайымы Кристина Фернандес Киршнер жекшемби күнкү президенттик шайлоодо жеңип чыкканын жарыя кылды. Борборшайлооком 54 жаштагы Кристина айымдын жеңишин ырасмий тастыктаса, ал 10-декабрда күйөөсүнүн ордуна тактыга отурат. Эрди- зайып Киршнерлер соңку 20 жылда чоң саясатка чогуу аралашып жүргөндүктөн, жубайларды эл арасында “Түштүк Американын Клинтондору” деп коюшат. Бирок, Кристина аны Хиллари Клинтон же Эвита Перрон менен салыштырууга каршы жана “бирөөнү туурабай, өзүңдү каалагандай алып жүргөндөн артык эч нерсе жок” дейт.

Кристина айым алдын ала эсептөөлөрдүн жыйынтыгы маалым болгондон кийин Буэнос- Айресте өз тарапкерлеринин алдында сүйлөп, мындай деди:

- Биз чоң артыкчылык менен жеңдик. Ырас, демократия калыбына келгенден бери маараге биринчи жана экинчи келген талапкер ортосундагы ажырым ушундай өтө чоң болду.

Аргентинанын мыйзамдарына ылайык, биринчи айлампада жеңип чыгуу үчүн шайлоочулардын 45 процентинин добушун алуу зарыл. Же калган атаандаштардан ажырым 10 процент жогору болсо, жеңиш үчүн 40 процент добуш жетиштүү.

Көпчүлүк аргентиналыктар Кристинаны күйөөсү- Нестор Киршнердин негизги масилетчиси, атүгүл экономика боюнча кеңешчиси катары билишет. Ал саясатка 1989-жылы күйөөсүнүн артынан эле келип, узак жылдардан бери Конгресстин мүчөсү болчу.

Күйөөсү Нестор Киршнер бийликке төрт жыл мурда Аргентина 2001-02 жылдардагы оор экономикалык кризистен оңолуп келатканда келген. Нестор президент шайланган тушта инфляция 10 проценттен жогору болуп, элдин жарымына жакыны “ит минип” жакыр эле. Ал эми соңку үч жылда Аргентинанын экономикасы жылына 8 проценттен өсүп, өлкө айыл чарба азыктарын чет өлкөлөргө экспорттоону күчөтүп, элдин турмушу ырааттуу жакшырып бараткан. Ага карабастан, башкаруучу “Жеңиш үчүн майданы” партиясынын Нестор Киршнердин ордуна анын аялын президенттикке көрсөткөнү күтүүсүз болду. Кристина айым жекшемби күнү өз тарапкерлери менен болгон кездешүүдө күйөөсү жүргүзгөн экономикалык саясатты жазбай уланта турганын, күйөөсүнүн Ата журтуна жан дили менен кызмат кылганын баса белгиледи:

- Нестор Киршнердин жетишкендиктери жана жаңылыштыктары анын өз мекенин жана элин терең сүйгөнүн көрсөтөт.

Аргентиналыктар 14 талапкердин ичинен Кристина Фернандес Киршнерди президенттике татыктуу деп табышты. Парламенттин мурдакы мүчөсү, сулуулар конкурсунун бир кездеги жеңүүчүсү Элиса Карио 23 процентке жакын добуш алып, экинчи орунда калды. Маарага үчүнчү болуп, өлкөнүн мурдакы финансы министри Роберто Леванья келди. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, аны шайлоочулардын 19 проценти колдогон.
XS
SM
MD
LG