Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

Борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз парламенттик шайлоого баруу ниетин билдирген 50 партиянын жүздөн ашык ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоого алды. БШКга арыз берген саясий партиялар эми 18-ноябрга чейин шайлоого талапкерлердин тизмесин сунуш кылышы керек.

Саясий партиялардын өкүлдөрүн каттоо мөөнөтү аяктагандыктан, Кыргызстандагы калган партияларда парламенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү чектелди. Ал эми шайлоого баруу ниетин билдирген саясий партиялар эми тизмелерин тизүүгө киришти. Ар бир саясий партия сунуштаган талапкерлердин тизмеси мандатка ылайык токсондон кем эмес болушу жана жүздөн ашпашы шарт.

- Биринчи кезекте гендердик 30-70%тик тең салмактуулук сакталышы керек. Бул ирет бир жыныстуу парламент болбойт. Ошондуктан, эркек аялдардын тизмесинин аралыгы үч орундан болот. 15% 35 жашка чейинки жаш адамдар болот. 15% башка улуттук өкүлдөрү болушу керек. Мындан тышкары соттолгондор, мурда соттолгондугун жапкандыгы тууралуу документи жоктор талапкер боло алышпайт. Талапкер сөзсүз Кыргызстандын жараны болушу шарт,-деп билдирди БШКнын мүчөсү Гуля Рыскулова.

Партиялардын документтерин БШК жети күндүн аралыгында текшерип бүтөт. Саясий партиялар БШКга шайлоого 50 миң сом өлчөмүндөгү күрөө койгондугу, өзүнүн эсебин ачкандыгы тууралуу документтерди бериши керек. Күрөөгө коюлган каражат кийин партиялар шайлоодо 5% добуш топтогон шартта гана кайтарылып, болбосо мамлекеттин эсебинде кала берет.

Учурда бардык саясий партиялардын укуктарын тең сактоо максатында БШК бардык чараларды көрүп жатат. Г. Рыскулованын айтымында, саясий партияларга тизмесин тактоого, аны негиздей турган курултайларды, конференцияларды өткөрүүгө убакыт кыйла кенен берилди.

Шайлоого камданып жаткан саясий партиялар, айрыкча, оппозициялык көз караштагылардын лидерлери шайлоо комиссиясынын аракеттерине президенттен көз каранды аракеттерди жасап жатат деп нааразы болушууда. Мындай пикирин «Ата Мекен» бириккен оппозициянын тизмесинде экинчи орунда болору күтүлүп жаткан Кубатбек Байболов даярдыктын мөөнөттөрү менен байланыштырып билдирди. Анын айтымында, БШК жалпы нормаларга таянбай, каалагандай иш кылууда. Мындай шартта шайлоого катышууга ат койгон партияларда мүмкүнчүлүк өтө чектелүү, анткени, ириде Шайлоо кодекси менен шайлоочулар эле эмес, партиялардын тарапкерлери да толук таанышууга мүмкүндүк алышкан жок:

- Шайлоочулардын 5% алат деген, иш жүзүндө 10%га тете. Өзгөчө партиялык тизме менен биз жаңы кирип аткандан кийин катышкандардын 5% же Украина сыяктуу 3% болсо жакшы болмок. Ал эми мындай катаал шартты койгондо бийликтин гана партиясы келет, анан ашып кетсе өзгөчө тыңдардан бир партия келиши мүмкүн.

Саясат таануучу Карыбек Байбосуновдун көз карашында кандай жагдай болгон шартта да ыйгарым укуктарын каттатып, шайлоого катышууга дымак кылган 50 саясий партиянын жарымы жарышка катышарына да ишенбейт:

- Булардын көбү күчү жагынан алсыз партиялар да. Алардын артында электораты жок, социалдык базасы жок. Ошол партиялардын бирин-экин лидерлери эле бир нерсеге илинип каламбы деп жан талашып атат.

50 партиянын көпчүлүгү соодалашып калуу, уткан партиядан мамлекеттик кызмат суроо максаты менен гана шайлоого алгачкы кадамдарды жасап жатышат дейт саясат таануучу. Анын пикиринде, саясий партиялардын алгачкы каттоого кириши партиянын кызыкчылыгынан эмес, алардын лидерлеринин саясий оюнунун туундусу.

БШКнын маалыматына караганда, ыйгарым укуктарын каттаткан 50 партиянын алгачкысы Өмүрбек Текебаевдин «Ата Мекен» партиясы. Соңунан Куловдун «Ар-Намыс», Атамбаевдин СДПК партиялары катталышкан. Ал эми президент Бакиевдин «Ак жол» партиясы жыйырманчы болуп өкүлүн каттаткан.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG