Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

30-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфорд 1853-жылдын 30-октябрында кыргыздардын солто, сарыбагыш, бугу жана улуу жүз казактардын айрым уруулары ортосундагы ич ара мамилеси туурасында кабар алган. 30-октябрь саясий репрессия курмандыктарынын эл аралык күнү бир канча жылдан бери Кыргызстанда да белгиленип келет.

Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфорд 1853-жылдын 30-октябрында кыргыздардын солто, сарыбагыш, бугу жана улуу жүз казактардын айрым уруулары ортосундагы ич ара мамилеси туурасында кабар алган. Алынган маалыматка ылайык алардын ортосундагы араздашуу жана барымтачылык сыяктуу терс көрүнүштөр убактылуу токтогон. Генерал-губернатордун белгилөөсүнө караганда жалгыз гана солто уруусу тартипке кирбей, коңшу казактардын малына тийип, бирин-серин барымта алуудан кайтпагандыгы кабарланат.

30-октябрь саясий репрессия курмандыктарынын эл аралык күнү. Бир канча жылдан бери Саясий репрессия курмандыктарынын эскерүү Кыргызстанда да салттуу белгиленип келет. Кыргызстан совет маалында саясий репрессия запкысын башынан кечирген жана анын азап, тозогун анык көргөн өлкө. XX кылымдын биринчи жарымында Кыргызстан калкынын саны 700 миң чамалап, 1937-38-жылдар аралыгындагы саясий репрессия маалында 10 миңдей адам бейкүнөө жазага тартылып, алардын көбү атылып кеткен. Совет маалындагы саясий репрессия айынан кыргыз калкынын билимдүү жана саясий маданият ташыган катмары жоюлган. Мамлекет башкарууга даярдалган миңдеген саясий жана коомдук ишмерлер бейкүнөө атылып, улуттун тээгине доо кеткен.

1969-жылдын бу күнү Кыргызстандык реставраторлор Манас күмбөзүн оңдоо ишин дээрлик соңуна чыгышкандыгын билдиришти. Күмбөздү оңдоо ишин Кыргыз ССРинин маданият министрлигине караштуу реставрациялоо мастерскою аткарган. Реставраторлордун жетекчиси Борис Помаскиндин билдирүсүнө караганда күмбөздү оңдоо ишинде 7 миң чамалуу атайын бышырылган кирпич жаңыртылып, казанбактын алдына эки сейсмопояс куюлган.

Бу күнү, 1270-жылы крестүүлөрдүн акыркы жортуулу башталып, 1340-жылкы Рио-Саладо салгылашында испан-португалдык аскерлер арабдардын колун талкалап, 1768-жылы Америкада биринчи методисттердин чиркөөсү ачылып, 1918-жылы Словакия Чехия мамлекетине биригип, 1952-жылы Англия атом бомбасын сынап, 1920-жылы сынчы жана адабият таануучу Биби Керимжанова, 1941-жылы таланттуу жазуучу Кубатбек Жусубалиев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG