Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

Парламент шайлоого чейин өкмөт мүчөлөрү кызматында калууну же өз партиясынан шайлоо жарышына катышуусун аныктап алышы абзел. Мындай талап парламент таркатылып, өкмөт кызматтан чегингенде мамлекет башчысы тарабынан коюлган. Шайлоого катышууга ынтызар партиялардын саны элүүгө жеткени менен, алдыдагы сыноо саналуу партиялар ортосунда гана болору эмитен эле айтылууда. Чоң талаш бийлик партиясы менен оппозициялык күчтөрдүн ортосунда жүрүшү эч кимге шек деле туудурбай калды окшойт.

Антип парламент шайлоо негизги эки күчтүн ортосундагы талаш-таймашына айланары президент К.Бакиевдин «Ак жол» партиясын арыдан-бери түзө койгон күндөн башталган. Ошондо эле айрым божомол-жоромолчулар чоң талаш «ак жолчулар» менен «мекенчилердин» ортосунда болорун айтып чыгышкан. Бирок да азырынча оппозиция бирдиктүү күч катары көрүнө элек.

Тек азыр, «Ата Мекен» менен «Ак Шумкар» партиясынын мүчөлөрү шайлоо алдында чогуу-чаран иш жүргүзүшүүдө. Ушундай эле мунасага «Асаба» менен «Кайран эл» партиялары жетишкени маалымдалууда. Анткен менен «Ар намыс» партиясы шайлоого өз алдынча бара тургандыгын жарыялап, тизменин башында Ф.Куловдун аты-жөнү жазыларын маалым кылды.

Оппозициянын азыркы бийликтеги өкүлү Алмаз Атамбаев жетектеген социал-демократиялык партия да шайлоо түйшүгүн өзүнчө көтөрүүгө кайыл экенин билдирүүдө. Демократтардын азыркы өкмөттөгү айыл чарба, саламаттык сактоо, каржы министрликтерин жетектеген мүчөлөрү, анан да премьер-министр кызматын аркалаган партия жетекчиси жакын арада кызматын таштап кетер-кетпеси белгисиз. Аны партиялаштар жыйылып, 7-ноябрда чогуу-чаран чечишмекчи. Ага чейин кызмат жагын так аныктап, социалисттик революциянын шаңдуу күнү партиялаштар кеңешип кескен чечимин жалпыга угузушмакчы.

Азыркы өкмөттө «Жаңы Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү да арбын. Партия жетекчилеринин бири, өкмөт башчы орунбасарынын милдетин аткарып жаткан Досбол Нур уулу «жаңыкыргызстандыктар» «Ак жол» партиясын колдоп, шайлоо тизмесине өз өкүлдөрүн сунуш кылганын маалымдады.

- Президент жаңы партия түздү. Биздин партия президенттик партия болгондуктан биз аны колдоп, өзүбүзчө чыкканыбыз жок. Анан биздеги лидерлердин тизмесин «Акжолго» өткөрүп бердик. Канчанчы орун болот, канча болот, аны «Акжол» партиясынын курултайы чечет. Биздин партия «Ак жолду» колдойт.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эднан Карабаев өзү жетектеген «Санжыра» партиясы шайлоого катышпастыгын ырастап, башка партияга мүчө болуп кирүү оюнда жоктугун, 16-декабрга чейин кызматтык милдетин аткара тургандыгын билдирди.

- Биз карап турабыз, саясий жагдай, саясий күрөш тууралуу өзүбүздүн көз карашыбызды айтабыз. Шайлоого катышуу тууралуу. Бизсиз деле парламентке ат салышкандар арбын, депутаттык орун ээлеш үчүн элеби, бизге анын кереги жок. Биздин максат башка.

Айрым байкоочулар баса белгилегендей, азыркы бийликтин да, оппозициянын да жалпы улуттук кызыкчылыкты эсепке алган так программасы жок, атаандаштардын идеялык таянычы бошоң. Анан да шайлоо күнү белгиленгенден бери утурумдук кызматын таштап, парламенттик орунду ээлөөгө кызыккан өкмөт мүчөсү көрүнө элек. Кыязы, алардын көбү бийлик партиясынын мөрөйү үстөм чыкса ээлеген орду сакталышынан үмүт үзбөй олтурушкан окшойт. Бул эми байкоочулардын баамы, анын чын-бышыгын алдыдагы шайлоо көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG