Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

УТРКнын БАЙКООЧУ КЕҢЕШИ ЭМНЕГЕ ЫДЫРАДЫ?


Бир катар серепчилер 2005-жылдагы март ыңкылабынын бирден-бир себебин, Улуттук телерадио корпорациясынын бир жактуу маалымат таратып, бийликтин кол жоолугуна айланып калышынан көрүшөт. Ошол март ыңкылабындагы негизги ураандардын бири да УТРКны реформалоо, аны коомдук телеге айлантуу талабы болчу. Учурда аны реформалоо максатында түзүлгөн байкоочу кеңеш иштей элек жатып ыдырап, өлкөнүн башкы маалымат каражаты кайрадан президенттин түздөн-түз көзөмөлүнө өттү. УТРКнын байкоочу кеңеши эмне себептен ыдырады, ага президенттин тиешеси барбы, мурдагы депутат Мелис Эшимканов каналды оңдоого чамасы жетеби?

Жарандык коомдун өкүлдөрү УТРКнын байкоочу кеңешине талапкерлер кыска убакытта тандалып, маалыматтар жетиштүү таркатылбай калганын бир канча жолу айтышкан. Ошондой болсо дагы байкоочу кеңеш тандалып, президент 5 өкүл, парламент 5 өкүл, жарандык коом 5 өкүл чыгарган. Аларды жакында эле таркатылган парламент бекитүүгө үлгүргөнү менен жаңы эле түзүлгөн байкоочу кеңеш иштебей жатып ыдырап кетти. Серепчилердин баамында, алардын таркап кетиши президентке өтө ыңгайлуу, андыктан бул жакта бийликтин катышы болушу да ыктымал. Ошондой эле УТРКнын башына мурдагы депутат Мелис Эшимкановдун келиши да аны реформалоо үчүн эмес, алдыдагы парламенттик шайлоолорго байланышкан саясий оюн дешет. Байкоочу кеңешке мүчө, ал тургай анын төрагалыгына талапкер болуп, бирок, андан өз каалоосу менен кетүүнү чечкен Бакыт Орунбековдун айтымында, бул жакта чынында эле чоң күчтөр аралашпай койгон жок:

- Менимче үч тараптан шайланып келген байкоочу кеңеш, үч таратын кызыкчылыгын көздөп, үч топко бөлүнүп, жалпы максат үчүн конструктивдүү иштей албай койду. Ага ошол үч тараптын тең кийлигишүүсү, башка таасирдүү топтордун, партия лидерлеринин, бийликтин дагы кийлигишүүсү болду.

Массалык маалымат каражаттары жаатында иш алып барган бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттердин айтымында, байкоочу кеңешти тандоо башынан эле толук түрдө ачык өткөн эмес. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдин пикиринде, бул жакта болуп жаткан окуялар алдын-ала пландалган сыяктуу:

- Менимче азыркы байкоочу кеңештин айланасындагы окуялар атайын мурдатан пландаштырылган ишке окшошуп кетип атат. Ким билет, балким бара-бара “коомдук теле бизге кереги жок экен, учурдагы шартка туура келбейт экен”,- деп чыгышабы деген да кооптонуулар бар.

УТРКнын байкоочу кеңеши же төрагасын шайлай албай, же өз ара тил табыша албай убара болуп, кыйласы өз ыктыяры менен кетип калганы, президент мурдагы депутат Мелис Эшимкановду анын жетекчилигине алып келди. Президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов аны УТРКнын жамаатына жарыялап жатып, президент ага ишене турганын билдирген. Бирок, коомчулукта президенттин бул сыяктуу кадрдык жүрүшүнө нааразы болгондор да жок эмес. Бишкек шаарынын тургуну Алмазбек Адишов мындай дейт:

- Негизи эле өлкөдөгү саясий окуялар, кадрдык алмашуулар бизди катуу ойлонтуп атат. Мисалы, Бакиевди канча жолу кыйкырып «кетсин!» деп, аны саясий өлүк дегендердин бары бийликке келип алды. Алсак, Атамбаев премьер-министр болсо, эми Эшимканов КТРге келди. Бийликке келиш үчүн сөзсүз эле Бакиевди «кетсин!» деп чыгыш керекпи?
XS
SM
MD
LG