Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

ИЗРАИЛ КЫТАЙДЫ ИРАНГА КАРШЫ САНКЦИЯ КИРГИЗҮҮГӨ ҮНДӨП ЖАТАТ


Иранга каршы мурдагыдан да күчтүү санкцияларды киргизүүгө Кытайды көндүрүш үчүн Израилдин Тышкы иштер министри Тзипи Ливни бүгүн Кытайга барды. Расмий Бейжин Тегеранга каршы жаңы санкция киргизүүгө макул болбой келгени белгилүү, андыктан алдыда болчу сүйлөшүүлөр өтө татаал болот деп күтүлүүдө. Ливни айымдын аракеттери АКШ Иранга каршы көрүп жаткан дипломатиялык аракеттердин бөлүгү катары таанылууда. Кошмо Штаттары Иранды атомдук бомба даярдап жатат деп ишенет.

Тзипи Ливнини кытайлык лидерлер Бейжинде өтө жылуу тосуп алышты, бирок баары бир Ливни айым аларды Иранга дагы да катуураак экономикалык санкцияларды киргизиш керек деген ойдун максатка ылайыктуу экенине ынандыра албайт көрүнөт.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Луи Яңчао өткөн жума күнү АКШ Иранга каршы жаңы чектөөлөрдү киргизди деген жаңылыкка карата пикирин адаттагыдай эле кыска жана нуска түшүндүрүп берди. Анын айтымында, эларалык мамилелерде “өтө эле шашкалактап” кабыл алынган чечимдерге Кытай “дайыма” каршылык билдирет. Анткени, анын ишениминде, бул кадам абалды андан бетер татаалдаштырып жиберет.

Иран - Кытайга мунай жөнөтүп турган үч негизги өлкөнүн бири. Ошондуктан экономикасы улам өнүгүп бараткан Кытай үчүн Иран менен жылуу мамиледе болуу эң башкы приоритеттүү тармактардан.

Ливни айым эгерде өлкөнүн өкмөт-башчысы Вен Жибао менен Тышкы иштер министри Ванг Жейчини “Иранга өзөктүк курал жасоого мүмүнчүлүк бербей, катуу санкция киргизгенде гана экономикалык көбүрөөк утушка ээ болосуңар” деп көндүрө алса, бул жолку сүйлөшүүлөрдө жеңип чыгышы ыктымал.

Азыр Кошмо Штаттары да, анын союздаштары да Тегеранды жалпы эле Жакынкы Чыгыштагы стабилдүлүккө тикенектей тийет деп жатышат.

Кытай деле азыркы прагматикалык саясатына карабай, дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүн мунай менен камсыздап турган Жакынкы Чыгышта атомдук бомбага ээ болуп алган Ирандын болушун каалабайт.

Дүйшөмбү күнү Кытайдагы Элдик университетте сүйлөгөн сөзүндө израилдик министр Ливни Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин биргелешкен аракети канчалык маанилүү экенине токтолду.

- Кытай Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү катары Иранга таасири өтө жогору. Андыктан санкциялардын күчү сезилээрлик болушу үчүн Коопсуздук Кеңешинин өзүндө мунаса табылышы керек, баардык мүчөлөр бир күч катары иштеши керек, - деди Израилдин Тышкы иштер министри Тзипи Ливни.

Иран, албетте, анын өзөктүк программасы эч кандай курал жасаганга багытталбаганын айтып жүрөт жана бул ишке кийлигишүүгө эч кимде акысы жок деп билет.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Шон Маккормак 26-октябрда биздин радиого айткан сөзүндө маселени Вашингтон кандай көрөөрү тууралуу билдирген.

- Биз келерки сүйлөшүүлөрдө Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү – Орусия, Кытай, Франция, Британия, АКШ жана Германия – менен биргеликте тегерек үстөлдөгү талкууда Иран өкмөтүнүн да өкүлдөрү болушун, ирандыктар чын эле атомдук бомба жасабай, өзөктүк кубаттуулукту жайчылык максатта пайдалана тургандыктарын далилдеп беришсе деп үмүт кылаар элек, - деди Шон Маккормак.

Израил менен Кытай акыркы 15 жылдан бери дипломатиялык алакаларды түзө башташты. Көрсө, Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерттин ата-энеси кезинде бир топ жыл Кытайда жашашкан экен.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG