Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

ӨЗБЕКСТАН: ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮ БИЙЛИК СЫНЧЫЛАРЫН ОМУРООЛОП КОРКУТУУ МЕНЕН КОШТОЛУУДА


Өзбекстанда 23- декабрда кезектеги президенттик шайлоо болот. Көпчүлүк талдоочулар өлкөнү 18 жылдан бери кыңк эткирбей башкарып келаткан Ислам Каримовдун келерки жети жылга бийликте каларынан шек санашпайт. Ага карабай, шайлоо өнөктүгү бийлик оппонентерин коркутуп- куугунтуктоо, атүгүл айрымдарын садага чабуу менен башталды.

“Transitions Online” басылмасынын баамдашынча, Өзбекстандагы президенттик шайлоо өнөктүгү президент Каримовдун 18 жылдык башкаруусун ачык сындаган адамдарды омуроолоп коркутуу менен коштолууда. 11- октябрда ташкенттик журналист Сид Янышевди өздөрүн Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерибиз деп атаган эки киши быкынга коюп туруп, уюлдук телефонун, үнжазгычын, чөнтөк дептерин тартып алышкан.

Сентябрдын башында КМШда белгилүү театр режиссеру Марк Вайль Ташкенде киши колдуу болгон. Ал өлөрүнөн бир топ мурда “Deuthce Welle” радиосуна берген интервьюда Өзбекстандагы саясый системаны «жадатма”, “серт”, “өзгөрүүсү жок” деп сыпаттаган.

24- октябрда Өзбекстандагы солгун көрүнүштөрдүн жарчысы, Кыргызстандык журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Саиповдун өлүмүн, белгилүү саясатчы, узак жылдардан бери чет өлкөдө бозгунда жүргөн Мухаммед Салих бийликтин эски адатына салып, өз сынчыларынын “көзүн тазалоосу” дейт:

- Биз Алишер Саиповду өлтүрүүнү Каримовдун шайлоо алдындагы тазалоосунун биринчи кадамы деп билебиз. Себеби, Саипов өз макалалары менен, өзбек бийликтеринин тили менен айтканда, аларга душмандык кылып жаткан.

Каримов 2002- жылы референдумдун негизинде Конституцияга өзгөртүү киргизип туруп, президенттик мөөнөтүн беш жылга же 2007- жылга чейин узартып алган. Ошол мөөнөт жыл башында аягына чыкты. Бирок, Каримов алиге президенттик шайлоого катышар- катышпасын ачык айта элек. Ошондуктан, талдоочулар Каримов башмыйзамды аттап, келерки 7 жылга Аксарайда калат дешет.

-Жакында түзүлгөн Өзбекстан либералдык демократтык партиясы Ислам Каримовду президенттикке талапкер кылып атады. Лекин, Каримов бул партиянын атынан талапкер деп каттоодон өткөнгө шашкан жок жана атайын билдирүү да жасай элек. Ушундан улам байкоочулар менен саясатчылар бир ооздон Каримов бийлигин сактап калуунун аракетин жасоодо деген пикирлерин айтышууда,-дейт Өзбекстандык саясат таануучу Камалиддин Рабимов.

Азырынча президенттикке талапкер деп, ырасмий катталгандардын саны төртөө. Мухаммед Салих аларды Каримовдун саясый оюнуна мыйзамый түр берүү үчүн тартылган “куурчак саясатчылар” деп санайт:

-Каримов тирүү турганда өлкөдө андан башка президент болчу адам болбойт. Кокус Каримовдун көзү өтүп кетсе же ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүүгө мажбур болсо, ошондо гана альтернативдүү талапкер жөнүндө сөз кылуу мүмкүн.

Мухаммед Салих 1991- жылкы Өзбекстандагы алгачкы президенттик шайлоодо Ислам Каримовдун жападан жалгыз атаандашы болгон.

XS
SM
MD
LG