Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда жогорку комиссар Антонио Гутереш 11-13-ноябрда Кыргызстанда болот. Ал Бишкекте президент Курманбек Бакиев баш болгон мамлекеттик жетекчилер менен жолугушуп, качкындар маселесин талкуулайт жана Качкындар борборунун ачылышын аземине катышат. (AiT)