Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

КӨП ЖОЛДУН ЧАҢЫ ДА КӨП…


«МСН» гезити бир аз күндөн кийин адеми кийинген талапкерлер, алардын ыпылдап-шыпылдаган, илбериңки ишенимдүү кишилери өтө эле таттуу сөздөрдү сүйлөп баштаарын, буга карапайым шайлоочулардын ар кими ар кандай мамиле жасарын, өлкөдө мына ушинтип саясат дөңгөлөгү тынбай айланып келатканын кеп кылып, Кыргызстан өз алдынча казан асып, түтүн булаткан күндөн бери карай ушул жолдон бурулалбай койгонун, деги эле элди саясат менен тажатып бүтүргөн атка минерлердин качандыр бир экономика менен, калайык-калктын анык жашоо-турмушу менен баш ооруткан күнү болор бекен деп суроо койду. Бүгүн бир идеяга биригүү жок экенин, демек жалпы журтту бириктирүүчү идея болбогондуктан коом да биригүүгө даяр эместигин, ошон үчүн ар ким өз арбайын согуп, ар ким өз билген жолу менен майданга аттанганын … андыктан көп жолдун чаңы да көп болорун, көп кишинин ызы-чуусу да көп болорун кошумчалады гезит.

«Кыргыз туусу» гезити алдыдагы шайлоо мурдагылардан айырмаланат, анткени ал партиялык тизме менен өтөт деп жазды.

«Белый пароход» гезити эгер бийлик партиясы депутаттык мандатты жигиттик таза күрөш менен жеңип алууну көздөсө анда сөз башка болот эле, бирок баягыдай эле бюджеттин көзүн карап жан баккандарды «Ак жолго» айдап кирип, админстративдик өкүм-кысым ачык эле жасалып, «Ак жолдун» лидерлери экрандын бетин бербей эргип сүйлөп атса кайдагы демократия жөнүндө сөз кылууга болсун деп жазып, ошон үчүн алдыдагы шайлоого добушту ашказандын арзыбаган жеми үчүн бербестен, акыл чайкап туруп берүү керектигин, жакында эле өткөн референдумду 75 пайызга жеткирдик деп дүңкүлдөгөн бийлик, биздин дал ушундай кайдыгерлигибизден 16-декабрда да пайдаланганы турганын, непадам эл ушул жолу ката кетирсе, анын шорун узак жылдар бою Акүй атка минерлери эмес, кайра эле эл өзү тартаарын баяндады.

«Агым» гезити бир кабарында «Ак жол» менен Атамбаев башында турган Социал-демократтар партиясынын тиреши тымызын курчуй баштады, азырынча чатак ырбай элек, бирок бул талаш өрүш ала турган болсо анда саясат айдыңында Бакиев-Атамбаев салгылашы башталабы?-деп билдирсе, бир кабарында Атамбаевдин алдыдагы тагдыры белгисиздигин, жеткинчек жетекчи катары ал өз аброюн анча деле түшүрүп үлгүрбөгөндүгүн, бирок ошол эле учурда удургута берген убадаларынын да өтөлүнө чыгалбагандыгын… айтор айта берсе мисал көптүгүн, Алмаз мырза алдыдагы шайлоого өз партиям менен барам деп сыртынан сүрсөөлөт көрсөткөн менен «Ак жолго» тирешип саясый аренага чыгалбасын беш колдой билерин, ошон үчүн Бакиевдин саясатын жата калып колдоп атканын, демек, мындан улам президент Атамбаевга келерки парламентте сунуштала турган өкмөт башчысынын орунун убада кылган болуш керек деп жазды. Гезит мындан сырткары, «президенттин «Ак жол» партиясына мүчө болсоңор жер берилет» деген сөз жөн эле ушак экенин, анын жалган экенин Акүйдөн Турсунбек Акун билдиргенин, Атамбаевдин социал-демократиялык партиясына Жалал- Абаддын мурдагы губернатору Ж.Жээнбеков өткөнүн, жакында бул партияга Ош губернатору Ж.Сатыбалдиев өтүшү ыктымалдыгын, бүгүн Бишкек шаар Кеңеши өз төрайымы Н.Байболованы алмаштырышы мүмкүндүгүн, анткени буга шаардын жаңы башчысы Д.Үсөновдун аракеттери таасир эткени көрүнгөнүн, ошол эле учурда Эсеп палатасы Жогорку Кеңешти да, шаардык Кеңешти да текшерүүгө алганы калганын… ушу тапта Кыргызстанда динин өзгөрткөндөрдүн саны 10-15 миңге жетип барганын кабарлады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG