Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:50

АЛДЫДАГЫ ШАЙЛОО КАЛЫС ӨТӨӨРҮНӨ ҮМҮТ АЗБЫ?


Учурда Кыргызстанда 16-декбарга белгиленген кезексиз парламенттик шайлоого даярдык күч. Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ шайлоого баруу ниетин билдирген 50 партиянын акыркыларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттап бүтүп, шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 26-ноябрда башталаарын жарыялады. Бул арада айрым байкоочулар алдыдагы шайлоо калыс жана адилет өтөөрүнөн эмитен эле күмөн санай башташты.

Шайлоонун калыс өтөөрүнөн күмөн санагандар ага 21-октябрдагы референдум мыйзам бузуулар менен коштолушу себеп болгонун, алдыдагы шайлоо да ошондой эле бурмалоолор менен өтөөрүн айтышууда. «Интербилим» борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаева болсо бийликтин «Акжол, Кыргызстан» партиясына карата эмитен эле үгүттөө башталып, а түгүл анын катарына күчтөп киргизүүлөр болуп жатканын айтат:

- Менимче, калыс өтпөйт. Мына өткөн ишембиде аянттагы концертте «Акжолго» үгүт жасалды. Бул туура эмес. Анан бизге түшкөн маалымат боюнча, айылдарда мугалим, дарыгерлерди күчтөп «Акжолго» киргизип атыптыр. Ушундай шартта кантип калыстык болсун…

Мындай сынды четке каккан «Акжол, Кыргызстан» партиясынын жооптуу катчысы Жангороз Каниметов болсо шайлоо калыс өтөөрүнө ишенет:

- Биз эч кимди зордоп партияга киргизген жокпуз. Кээ бирөөлөр ошентип туура эмес сөздөрдү чыгарып жатышат. Админстративдик ресурсту пайдаланбайбыз. Шайлоо таза өтөт, анткени оппозициядан, бизден канча байкоочу, канча көз карап отурат.

Расмий маалыматтарда 21-октябрдагы референдумга 80 пайыздан ашуун эл катышканы айтылган. Бирок айрым байкоочулар добуш берүүгө ашып барса 40 пайыздай эл катышканын айтып чыгышкан эле. «Ата Мекен» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Абдрахмановдун болжолунда алдыдагы шайлоого эл референдумга караганда жандуу катышат, бирок добуштарды бурмалоо аракети болушу мүмкүн:

- Референдумда 30 пайызга жептей калды деп эл өзү айтып жатпайбы, а бул шайлоодо андан көбүрөөк, 60 пайыздай эл катышуусу мүмкүн. Анткени эки тарап болуп атпайбы. Ошондуктан эл ойгонуп, көнүл кош болбой катышуусу мүмкүн. Бирок добуштарды уурдаганга аракет болушу ыктымал колдон келишинче, биз ошого туруштук берип, уурдаганга жол бербешибиз керек.

Шайлоо калыс өтөөрүнө ишенбеген саясат таануучу Жыргалбек Турдукожоев болсо анын натыйжасы өлкөнү коомдук-саясий кризиске алып келиши мүмкүндүгүн боолгойт:

- Парламенттик шайлоо калыс, адилет өтөөрүнө ишенич жок. Себеби өткөн референдумдагы админстративдик ресурс, аша чабуулар муну далилдеп турат. Бөрк ал десе баш алып көнгөн кошоматчылар бийликке ыктаган партиялардын добушун көбөйтүү үчүн болгон аракетин жасайт. Кыскасы бул шайлоо коомдук-саясий чоң кризиске алып келиши мүмкүн.

21-октябрдагы референдумга байкоо салган «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы добуш берүү бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгонун байкаган. Аталган уюмдун жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, бирок мыйзам бузуулар боюнча берилген арыздарга БШК азырга дейре жооп бере элек. Канткен менен Динара айым жаңы кабыл алынган Шайлоо кодексинин мыйзам бузууларга бөгөт койчу жактары көп экенин айтуу менен шайлоо калыс өтөөрүнө үмүт артат:

- Шайлоо кодексинде мыйзам бузууга, бурмалоого бөгөт койчу прогрессивдүү көп нормалар бар. Албетте референдум менен шайлоонун айырмасы бар да. Менимче, шайлоодо көп мыйзам бузуу болбойт го, анын үстүнө ар бир партия да өзүнүн байкоочуларын коет. Эми баарыбыз эле анын калыс өтөөрүнө үмүттөнөбүз…

Динара Ошурахунова ошондой эле уюм бул шайлоого карата узак жана кыска мөөнөттөгү эки миң байкоочу даярдап жатканын кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG