Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:08

12:05 “Журналисттер” бирикмеси милициянын майрамын чагылдыруудан баш тартууга чакырды


Мындай демилге менен чыгышкан “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев менен “Эркиндик үнү” гезитинин редактору Улугбек Бабакуловдун билдиргенине караганда, 2007-жылы журналистерге белгисиз адамдар тарабынан он жолу күч колдонулган факты катталган. “Бул боюнча бир нече ирет укук коргоо органдарына кайрылганыбыз менен күнөөкөрлөр табылып, мыйзам чегинде жоопко тартылышкан эмес. 1-ноябрда укук коргоо органдары кесиптик күнүн майрамдашып, айрым милиция кызматкерлерине ардак грамоталар,төш белгилер ыйгарылат. Ошондуктан “Журналисттер” коомдук бирикмеси милициянын кесиптик күнүн ММК чагылдыруудан баш тартууга чакырат”,-деп айтылат кайрылууда. Бул чакырыкка айрым журналисттер тилектештик билдирип колдоорун айтышса, бир катар журналисттер каршы пикирлерин билдиришкен. (AJ)

XS
SM
MD
LG