Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

ЖАРКЫНБЕК КАСЫМБЕКОВ: ШЫЛУУН САЯСАТЧЫЛАР ЖАШТАРДЫ ПАЙДАЛАНЫП ТУРУП, КАРАБАЙ ТАШТАП САЛУУДА


“Жаш саясатчылар форуму” апрель митингисине катышкан жаштарды кугунтуктоону токтотуу талабы менен бийликке кайрылуу жолдошту. Бул кайрылуунун чоо жайы жөнүндө “Жаш саясатчылар форумунун” координациялык кеңешинин мүчөсү Жаркынбек Касымбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Бийликке минтип кайрылуу жолдоого кандай зарылчылык болду?

- Качан болбосун, бийлиги болобу же оппозициясы болобу, жаштарды курал катары колдонуп, иши бүткөндөн кийин карабай коюу өнөкөткө айланды. Камалып, куугунтукка алынып жатса да эч көрбөгөндөй, билбегендей мамиледе калыш бизди аябай нааразы кылат.

- Жаркынбек мырза, айтсаңыз силердин кайрылууда айтылгандай апрель митингдерин уюштурган “Бириккен фронттун” айрым лидерлери бүгүн бийликте отурушат. Куугунтуктоону токтотуу максатында сиздер тараптан
ошол жетекчилер менен байланышууга аракет жасалдыбы?


- Дегеле башынан бери алар менен байланыш жок. Бирок өзүңүздөр көрүп тургандай фронттун негизги идеологу КТРдин башында отурат. Феликс Куловдун оң колу болуп эсептелген Суваналиев күч бөлүмүн башкарып отурат. Алардын эч билбегендей, көрбөгөндөй мамиле кылышы абдан өкүндүрөт. А эмне үчүн биз аларга кайрылышыбыз керек. Алар өзүлөрүнүн талапташтарын коргой албаса, алардан келечекте кандай жакшылык күтүүгө болот.

- Кечээ жакында “Бириккен фронттун” жаш канаты “Канжар” кыймылынын лидерлеринин бири деп саналган Адилет Айтикеев кайрадан кармалып, Улуттук коопсуздук комитетинин камагына түштү. Бул маселеге байланыштуу сиздердин форум кандай аракеттерди жасап жатат?

- Тилекке каршы, биз ошол жаш лидерлердин алдамчы-шылуундардан алыс болушуна жетише албай калдык. Жакшы эле аракет жасаганбыз. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Бирок ошол кезде алар өзүлөрүнүн лидерлерине аябай ишенишип, бизге да акаарат көрсөткөн эле. Биз канча жолу маалымат-конференция бердик, ошол фронт бул мамлекетти экиге бөлүп жатат, мунун бийик максаты жок деп. Бийликке жетүү максатында конституциялык реформаны калканыч кылып жатканын айтып келгенбиз. Бирок, аларды кармай алган жокпуз. Эми мына Адилет Айтикеевдин кайрадан камалышы дагы деле болсо “акыркы ким күнөөлүү” деп көзгө басып көрсөтүү иретинде гана жасалган акция деп ойлойм. Эгерде ушундай өңүттө кете берсе биздин “Жаш саясатчылар форуму” башка каршылык акцияларды уюштурушка аргасыз болот. Анткени жөнөкөй билдирүү же болбосо арыз жасаганды эч ким укпай калды.

- Мисалы, ошол нааразычылык акцияларды өткөргөндө кандай ыкмалар менен өткөрөлү деп жатасыздар?

- Мыйзамды бузуп, одоно, чектен чыгып кеткен деле акция болбойт. Үнүбүздү уктуруу үчүн ар дайым биригип келгенбиз. Бир жыл мурда болгон ХИПИКке каршы пикеттер эсиңиздерде болуш керек. Биз ойлойбуз, жалаң эле Жаш саясатчылар форуму эмес, башка жаштардын уюму дагы бизди колдоп кетет деген үмүттөбүз. Албетте, эгерде абал өзгөрбөсө. Ал эгерде эстерине келсе, биздин билдирүүдөн кийин көңүл бурулаар. Кечээ күнү дагы айтылды, президентке жетти маалымат катары. Нурлан Шакиев айтып жатат, балким, чара көрүлөт. Эми күтө туралы.

- Сиз кандай ойлойсуз ушундан кийин жаштар сабак алышабы?

- Албетте, сөзсүз түрдө биз сабак алышыбыз керек. Тигил же бул лагерге кошулаарда жети өлчөп бир кесиш керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG