Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

НУРЖАМАЛ БАЙБОЛОВА: БИЙЛИК МЕНИ КЫЗМАТТАН АЛУУ ҮЧҮН ШААР ДЕПУТАТТАРЫНЫН КОЛУ-БУТУН БУРАП БАШТАДЫ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Бишкек шаардык кеңештин төрайымы Нуржамал Байболованы кызматтан алуу аракеттери башталды. Муну Нуржамал Байболова «Азаттыкка» ырастап, бийлик парламенттик шайлоо алдында ушундай кадамга барып жатканын белгилеген. Ал шаардык кеңештин айланасында болуп жаткан окуяларды 1937-жылдагы окуялар менен салыштырып, бийлик шаардык кеңештин депутаттарына ар тараптан кысым көрсөтүп жатканын ачыктаган.

- Бишкек шаардык Кеңеште кийинки күндөрү чуулгандуу окуялар башталгандай сезилет. Ушул тууралуу кененирээк кеп козгоп берсеңиз.

- Бул окуянын башталышы мындан бир топ мурун болгон. Азыр бул иш чаралардын баары активдүү жагына өттү. Эң өкүнүчтүүсү, Бишкек шаардык Кеңешинин төрайымы Байболованы жумуштан алыш үчүн мамлекеттеги болгон аппараттын баары иштеп жаткандай сезилип турат. Анткени, шаардык кеңештин депутаттарынын ага-тууганы, коллегалары, жетекчилери дегеле ким ошол кишилерди тааныган болсо, ошол кишилер аркылуу басым көрсөтүлүп жатат. Кысым көрсөтүлүп жатат. Колун-бутун бурап кайруу жолу менен кол койдуртуп жатышат. Мен ушуну эки-үч күндөн бери ойлонуп жатып, мага 1937-жыл келип калгандай сезилип жатат. Биз нааразы болгон Акаевдин режиминде да мындай жок болчу. Азыр бир укмуштуудай, өтө коркунучтуу иш чаралар болуп жатат.

- Ошону айтып өтсөңүз. Түздөн-түз президенттик тараптанбы же мэрдин милдетин аткаруучу тараптанбы. Сиздин шаардык кеңешинин төрайымынын кызматтан кетүүңүзгө кимиси кызыкдар болуп жатат?

- Мэрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов биздин депутаттар менен болгон сүйлөшүүлөрүндө дембе-дем айтып жатыптыр, бул президенттин көрсөтмөсү менен болуп жатат деп. Бул, менимче, алдыда боло турган чоң шайлоодо оппозициянын өкүлдөрү болгон адамдар шаардык деңгээлдеги трибунадан кетиш керек деген максат болуш керек. Мен айтып өткөн кайрылууну башынан аягына чейин окуп чыккан киши таң калат да. Депутаттар “биз мындайбыз, биз тигиндейбиз” деп мени сөзсүз түрдө кошуп кетишет. Көп мыйзамсыз иштерди Байболова башында туруп жасаганбыз деп айтып жатышат. Эми муну кылмыш- жаза кодексине такасак жалган. 127-берене. Эгерде бул боюнча иш дагы токтобой күчөй берсе, мен сөзсүз түрдө өзүмдүн адамдык ар намысымды коргоого мажбур болом. Сөзсүз түрдө сотко кайрылыш керек болот. Сотко кайрылган учурда ушул жазылган фактыларды ошол коюп берген адамдар далилдеп бериш керек. Эгерде далилдей албаса, анда алар кылмыш жоопкерчилигине тартылыш керек.

- Сизди шаардык кеңештин төрайымдыгынан кетирүү максаты болсо эмне үчүн шаардык кеңештин депутаттары добушка салып, сизге ишеним көрсөтпөй эле алып кое албайт, же мындан бөлөк жолдору болуп жатабы? Айрым бир маалыматтарга караганда, сизди өз каалосу менен арыз жазып берсин деген талаптар болуп жатыптыр. Буга кандай дейсиз?

- Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Биздин шаардык кеңештин регламенти боюнча, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу боюнча мыйзам да жазылып турат. Ишеним көрсөтпөө жөнүндө же болбосо иштеген кызматынан чакырып алуу боюнча атайын нормалар бар. Биздин регламенттин 11-беренесинде ушул процедура жазылган. Мен айтып жатам, жарайт, эгерде ошондой ой болсо, процедура боюнча тогуз депутат кагаз алып келиш керек кезексиз сессияны чакыргыла деген. Мен процедура боюнча ошол сессияны чакырууга милдеттүүмүн. Мен ал сессияны чакырууга даярмын. Анан кептин баары ошондон башталып жатпайбы. Мен айтып жатам: Сессия ачык болсун, массалык-маалымат каражаттары, укук коргоочулар, шаардык элдин өкүлдөрү келсин, баарыбыз отуралы дагы ошол жерден талкуу болсун. Мага күнөөлөрдү коюп жатышпайбы ошол күнөөлөрдү далилдеш керек да.

Жок дегенде талкуу болсун. Далилдөө ишин сотко калтыралы. Талкуу болуш керек, андан кийин депутаттар жабык түрдө добуш берүү менен процедураны өтүш керек. Мен ошол процедураны өтүп, ошонун жыйынтыгы менен кетүүгө даярмын. Өз эрким менен мен эч качан арыз жазып бербейм деп жатам. Себеби, өткөндө “Агым” гезитине жазып жиберишти. Такталбаган маалыматтар боюнча 500 миллион сом шаардык кеңештин бюджетинен кеткен имиш. Шаардык кеңештин бюджети сегиз жарым миллион сом. Шаардын бюджети быйыл биз бекиткен боюнча үч миллиард сом.

Ооба, мен билем. Андай фактылар бар, бюджеттин акчаларын максатсыз пайдаланганы жөнүндө. Мисалы, троллейбустарды алгыла деп бөлүнгөн акчага жөн эле коммуналдык техниканы алып койгон жактары бар. Мына бүгүн транспорт маселеси аябай оор болуп турат. Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бөлүнгөн акча максатсыз пайдаланылып, башка техника алынган. Андай фактылар бар. Бирок ага мэрия жооп берет. Бул билбеген адамдарды сөзсүз түрдө дезинформация кылып, туура эмес маалыматты берип, каралоо максатында болуп жатат. Ошол себептүү эмненин негизинде мага ишеним көрсөтпөө керек, аны коомчулук да, шаардыктар да уксун.

- Рахмат, маегиңизге.

XS
SM
MD
LG