Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:04

Өткөн жумада Бишкекте Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик чек араларын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссияларынын жолугушуусу өттү. Үч тараптуу бул сүйлөшүүдө негизинен үч өлкө чек арасынын тогошкон чекитин аныктоо маселеси каралды. Мындай сүйлөшүү үч өлкө ортосунда алгач ирет өтүүдө.

Сүйлөшүүдөгү кыргыз тобунун башчысы, өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Саламат Аламанов тараптар натыйжада кийинки жолугушууга чейин ар кимиси мындай чекит боюнча карталарды түзүп келүүгө макулдашканын айтат:

- Бул жолугушууда тараптар тогошкон чекитти аныктоо боюнча ишти баштап, келишим түзүү ниетин билдиришип, эмки жолугушууда ар кимиси өз алдынча мындай чекиттин ордун картага түшүрүп, бекемдей турган документтерди кошо алып келүү менен позицияларды айтууга макулдаштык.

Саламат Аламановдун айтымында, мурда бул үч өлкөнүн ортосунда тогошуу чекити деген түшүнүк болгон эмес.

- Советтер Союзунун тушунда тогошуу чекити деген түшүнүк болгон эмес экен бул үч республиканын ортосунда. Административдик чек аралар ары-бери жылып тургандыктан кандайдыр бир конкерттүү жерде чек аралар кошулат деген маалымат же бектилген документ болбоптур. Биздин азыркы милдет – ошол чекиттин ордун таап, келишим менен бекитип, картага түшүрүп коюш.

Бул тогошуу чекити биздин Баткен, Өзбекстандын Сох жана Тажикстандын Исфара райондорунун чектешкен аймагына туура келет. Бирок анын кайсы жерде болоорун азыр айтуу кыйын. Буга чейин кыргыз-кытай-казак, кыргыз-кытай-тажик жана кыргыз-казак-өзбек чек араларынын тогошкон чекити аныкталган. Саламат Аламановдун айтымында, бул чекиттер тоолуу аймактарга туура келип, аны аныктоо анча кыйын болгон эмес. Адистер эми кыргыз-өзбек-тажик чек араларынын тогошкон чекити түз, өздөштүлгөн аймакка туура келип жаткандыктан аны тактоо кыйыныраак болоорун боолгошууда.

Ошентип бул сүйлөшүүдө өкмөттүк комиссиялар ушул маселенин гана тегерегинде сөз кылышып, анда эки тараптуу, кыргыз-өзбек же кыргыз-тажик чек аралары боюнча сөз болгон эмес. Кыргызстандын бул эки өлкө менен чек араларын тактоо маселеси талаштуу делген аймактарга келгени такалып турат. Саламат Аламановдун билдиришинче, эки тараптуу сүйлөшүүлөр эми кийинки жылы уланышы мүмкүн.

Чек ара тактоонун минтип узакка созулуп, алиге тактала электиги өзгөчө чек ара аймактарында жашаган калкты түйшүккө салып келүүдө. Айрыкча тиягынан Тажикстан, биягынан Өзбекстан менен чектешкен Баткен облусунун калкы мындай түйшүккө көп кабылып жатканын аталган аймактын тургуну Анвар Ибраимов мындайча белгилейт:

- Чек аралардын такталбаганынан бул аймактагы калк чек арачылар тарабынан көп кордуктарга кабылат. Кошуна элдердин ортосунда жер талаш, суу талаштар да тез-тез чыгып тураары турган иш. Чек аралар тезирээк такталса биз мындай түйшүктөн арылат элек.

Соңку маалыматтарга караганда, 1375 чакырым келген кыргыз-өзбек чек арасынын 1043 чакырым, 940 чакырым келген кыргыз-тажик чек арасынын 480 чакырымы такталган.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG