Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

АЯЛДАР, ЖАШТАР, ӨКҮЛДӨР ЖАНА БАШКАЛАР


Парламент шайлоого катышмакчы болгон партиялардын саны элүүгө жетип, ушу тапта чоң сыноонун камылга-даярдыктары кызуу жүрүүдө. Шайлоо фондун ачуу, күрөөгө акча коюу, анан да партиялык тизмени бекитүү милдеттери алдыда турат. Жаңы Шайлоо кодексине ылайык депутаттыкка талапкерлердин тизмесине киргендердин арасында жаштар, аялдар, аз улут өкүлдөрүнүн саны 30% кем эмес болушу керек.

Жалаң эркек парламент жосуну дагы кайталанып калыш ыктымалдыгынан чочулаган кыргыз бийлиги жаңы Шайлоо кодексинде партиялык тизмедеги үчүнчү талапкердин сөзсүз ак жоолукчандардан болушун мыйзамдаштырып, аны Конституциянын жаңы редакциясына кошуп жалпы элдик референдумга алып чыккан. Шайлоо жакындаган сайын көбүнесе эркектерден же жалаң ак жоолукчандардан куралган партиялардын түйшүгү көбөйүп, сыноого барчулардын катары суюлгандан-суюлуп баратат. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариевдин пикиринде, шайлоого катышчу партиялар катарынын азайышы күтүлгөн иш болчу.

- Анткени саясий партиянын акча каражаты жагынан тартыштык болушу мүмкүн. Аялдардын же эркектердин кошумча сан жагынан жетишпестиги себепчи болушу ыктымал. Жаштардын, аз улут өкүлдөрүнүн аздыгы да саясий партиялардын катталышына же шайлоого катышпай калышына себеп болушу толук мүмкүн.

Бирок да кыз-келиндердин атынан чыккан «Кыргызстан аялдары» партиясынын алдында шайлоо тизмесине аз улут өкүлдөрүнөн, эркектерден, жаштардан киргизүүдөн башка деле уюштуруучулук, каржылык маселелери жагынан биртоп тоскоолдуктар турганын партиянын төрайым орунбасары Айнуру Алтыбаева айтып берди.

- Биздин партиябыз аялдардын укугун коргоочу уюм эмес. Максатыбыз – аялдарды бийликке алып келүү. Биздин чоң-чоң программалык максаттарыбыз бар. Ал социалдык-саясий, экономикалык реформаларды ишке ашыруу.

Кыргызстан жашылдар партиясынын жаштар канатынын башчысы Тилек Сыдыков партиялык тизмеде жаштарга берилген орун өтөле аз деген пикирде. Анын ырасташынча, улуу муун саясатчылар ордун жаштарга эртерээк бошотуп берсе өлкөнүн ыкчам өнүгүшүнө жакшы өбөлгө түзмөк.

- Азырынча эч кимдин деле кеткиси жок. Менин оюмча, жаштарга берилчү орун өтөле аз.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Адил Турдукулов жаңы Шайлоо кодексинде аялдардын саясий иштерге аралашуусуна дурус дегидей шарт түзүлгөнү менен, жаштарга, аз улут өкүлдөрү дагы деле баам сыртында калды, деген пикирде.

- Бул норма жаштарга, аз улут өкүлдөрүнө каралган эмес. Тизмеде 100 киши болсо аларды четке кагып, 85-орундан 100-орунга сүрүп коюшу деле ыктымал. Ошондой эле болуш керек. Азыркы учурда үч ири партия атаандашып жатат. Ошолор жаштарга канчалык деңгээлде орун берет – ал алиге белгисиз. Мен жаштарга көп деле орун берилбейт, деп ойлоймун.

Парламенттеги 90 орунга ар бир партия 100 чейин талапкерлерин сунуш кылууга укуктуу. Анткен менен айрым байкоочулар орун талаш эки-үч партиянын ортосунда гана болорун эмитен эле болжолдошууда. Мындан келди, кыйла ыгым-чыгым, чоң түйшүккө кайыл болгон партиялардын көбү кандай да болсо калк алдында көрүнүп коюу, атын чыгаруу, болочокто боло турган сыноолорго эмитен кам көрүү милдетин алдына коюп жатышканы көпчүлүккө деле дайын.

XS
SM
MD
LG