Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

Нарын АЙЫП, Прага Кабул шаарынын абагында азыр башкалардын арасында террордук аракеттерге аралашкан деп кармалган казак жана орус жарандары да бар. Байкоочулардын айтымында, Талибан кыймылынын жоокерлеринин катарында акыркы мезгилде чет өлкөлүктөрдүн саны көбөйүп баратат жана уюм азыр кайрадан күчүнө кирүүдө.

Америкалык "Нью-Йорк таймс" гезити 30-октябрда жазганга караганда, ооган полициясы тарабынан жакында Андрей Баталов деген 27 жаштагы сакалчан орус жигит кармалды. Ал аял киймин кийип алып, машине менен жарым тоннага жакын жарылуучу зат алып бараткан жана полициянын айтымында, өзүн өзү жардырууга даярданып жүргөн.

"Нью-Йорк таймстын" кабарчысы менен абакта маектешкенде, Андрей - кайсы шаардан келгенин айтуудан баш тартты, бирок Сибирде чоңойгонун айтат жана Ислам динине өтүп, аны жакшыраак билиш үчүн Иранга барганын, андан соң ал жактан Пакистанга келип, бир жылга жакын Мир Али деген шаардагы мечитте окуганын билдирет.

Ооган абагында азыр Мухаммад Кузеубаев деген 23 жаштагы казак жигит дагы отурат. Ал Темиртау шаарынан жана өзүнүн айтымында Бадахшан аймагына барып, жер көрүп, кыдырып жүргөндө, аны белгисиз оогандар кармап кеткен жана өлтүрөбүз деп коркутуп, Ооганстандын түндүгүндөгү бир шаарда бомба жасоону үйрөтүп, күч менен иштеткен. Өздөрүн өзү жардырууга даяр жанкечтилер кийе турган кийимге ал жарылуучу заттарды тигип-бекитип жатканда, полиция келип кармап кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, Ооганстандын аймагында өкмөткө каршы согушкан лашкерлердин катарында чет өлкөлүктөрдүн саны көбөйүп баратат. Талебандын калдыктары кошуна Пакистандын тоолуу аймактарында жашынууда деген маалыматтар да бар жана октябрдын орто ченинде Пакистандын Түндүк Вазиристан деген провинциясындагы Мир Али деген шаардын алдында болгон салгылашууда эки жүзгө жакын лашкер өлтүрүлгөн, алардын элүүдөйү чет өлкөлүк болуп чыккан, көпчүлүгү өзбектер менен тажиктер.

Мындан жети жыл мурда Кыргызстан менен Өзбекстанга кол салган террорчулар "Өзбекстандын исламдык кыймылынын" мүчөлөрү болгону белгилүү жана алар Ооганстан менен Пакистандын аймагында машыккан деген кабарлар бар. Азыр ал кыймылдын Борбор Азияда калган калдыктары менен Пакистандагы бөлүктөрү ортосундагы байланыш канчалык күчтүү деген суроого Эл аралык кризис тобунун Борбор Азия боюнча долбоорунун жетекчиси Майкл Холл минтип жооп берет:

"Өзбекстандын исламдык кыймылынын калдыктары азыр Борбор Азияда, мүмкүн, дагы эле бар. Бирок алар - Пакистандагы уюмдун бөлүктөрү менен канчалык байланышта экени жөнүндө так айтуу өтө кыйын. Менин оюмча, анын азыр коркунучтуу дегени жөнүндөгү сөздөр белгилүү ченемде апыртуу", - дейт Холл.

"Нью-Йорк таймстын" жазышынча, Ооганстандагы террорчулардын арасындагы чет өлкөлүктөр Өзбекстан, Түркия, Чеченстан, Кытай, араб мамлекеттери жана, албетте, кошуна Пакистандан келгендер. Алардын саны көбөйгөн сайын, Талебан кыймылынын өзү дагы улам өзгөрүп баратат жана ал "ал-Каида" сыяктуу бир топ кеңири тармакка айланууда.

Гезиттин маалыматтарына караганда, Талебандын жоокерлеринин жалпы саны азыр 10 миңдин тегерегинде, алардын эки миңден үч миңге чейини туруктуу жоокерлер, калгандары болсо - өкмөт саясатын же өлкөдөгү азыркы абалды жактырбаган жаштар, алар туруктуу лашкер болбогону менен, Талебандын аракеттерине белгилүү шарттарда кошула алат. Чет өлкөлүктөр болсо туруктуу жоокерлердин 10 пайызына чейин жетиши мүмкүн. Анткен менен, айрым экперттердин пикиринде, Талебан өз катарына чет өлкөлүктөрдү тартып жатканы - анын өз алдынча аракет жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүнүн азайып баратканынын дагы белгиси.
XS
SM
MD
LG