Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

ПАРТИЯЛАРДЫН САЛМАГЫ ШАЙЛОО ТАРАЗАСЫНДА БИЛИНЕТ


Парламенттик шайлоодо 5-6 партия элдин көп добушун алуусу мүмкүн. “Ата Мекен” партиясы шайлоочулардын 70 пайыз, ”Акжол” партиясы 20-25 процентине ээ болуусу ыктымал. Мындай божомолду жалалабаттык тургундар “Азаттыктын” облустагы кабарчысы жүргүзгөн сурамжылоодо айтып беришти. Көз каранды эмес байкоочулар социал демократтар, коммунисттер жана “Шериктештик” партиялары да жеңишке жетишээрин белгилешүүдө.

Парламенттик шайлоодо бурмалоолор болбосо, “Ата Мекен” партиясы шайлоочулардын арбын добушуна жетишет. Анткени, мурдакы жана азыркы бийликке сын көз менен караган партиянын өз көз карашы менен көп жылдык тарыхы бар. Ушундай божомолун билдирген Жалалабат шаарынын тургуну Айнура Тажибаеванын байкашынча жаңы уюшулган “Акжол” партиясына бийликчил адамдар кирип жаткандыктан шайлоочулар ишене бербейт.

- Бул шайлоодо административдик күч колдонулбаса “Ата Мекен” партиясы 70 пайыздан ашык добуш алат деп ишенемин. “Ак Жол” партиясында карапайым калктын мүчөлөрү жок. Болжолдуу түрдө 20-25 пайыз добуш алышы мүмкүн,- дейт Айнура Тажибаева.

Сузак районундагы Барпы айлынын тургуну Абдыкадыр Исраилов социал демократиялык партияга ишеним артууда. “Ак жол” менен социал демократиялык партиялар башчылары - президент Курманбек Бакиев менен өкмөт башчы А. Атамбаев бийликте турганы үчүн эмес, экономиканы өнүктүрүүгө алган багыты үчүн элден колдоо табуусу ыктымал. Анын эсебиде «Ата Мекен» партиясы шайлоочулардын 5 пайызын камсыз кылуусу мүмкүн.

-Булардын ойлору, программалары берки партияларга караганда жаңыча болуп жатпайбы. Экономиканы өстүрөлү деп жатпайбы,- деди Абдыкадыр Исраилов.

Шайлоочулар «Ак жол» партиясына көп добуш берет деген пикирге аталган уюмдун жаштар канатынын облустагы төрагасы Мураталы Үчкемпиров кошулган жок. Партия мыйзам ченемдүү иш жүргүзөт жана шайлоодо административдик ресурс иштетилчү болсо, ага көз салаар көз каранды эмес байкоочулар коюлат. «Ата Мекен», «Социал-демократиялык» жана «Шериктештик» партияларынын да эл ичинде кадыры бар. «Ак жол» президент тарабынан түзүлгөнү үчүн Бакиевдин саясатын жүргүзөт деген түшүнүк калпыстык болот деп айтты Мураталы Үчкемпиров.

- Шайлоо участокторунда ар бир партиянын өкулдөру болот. Ошолор карап турат. Кандайдыр бир мыйзам бузуучулук болсо алар бар да карай турган. Мына «Ак жол» партиясы бир гана президентке иштейт элдин кызыкчылыгына иштебейт дегенге мен толук каршымын. Бул куру доомат. Себеби, президент дагы эл үчүн кызмат кылып жатат,- дейт Мураталы Үчкемпиров.

Жакын арада түзүлүп, элге чала тааныш болгон партиялар өз ара биригүүдө. Облустагы жарандык коомду колдоо борборунун төрайымы Элмира Мавлянова сурамжылоо жүргүзгөндө шайлоочулар Шериктештик менен коммунисттик партиянын аттарын арбын аташкан.

- Социал-демократ коммунисттик партиясы да алышы мүмкүн. «Ак жол» партиясын мен айта албайм. Ал дагы алышы мүмкүн. Көбү ошол партияга өтүп кетип жатышат,- деген божомолун билдирди Элмира Мавлянова.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG