Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

“КЫРГЫЗ АТЫ” АТ ЧАБЫШ ФЕСТИВАЛЫНЫН ДЕМИЛГЕЧИЛЕРИ ФРАНЦУЗДАР


Жылкы изилдөөчүлөрдүн пикиринде мындан 3 миң жыл илгери эле көчмөндөр Борбор Азия жана Сибирь аймагында кыргыз жылкыларын минип жүрүшкөн. Тоо- ташка, ысык- суукка чыдамдуу, кышкысын кар тээп оттогон тукуму үзүлүп бараткан кыргыз жылкысын сактап, калыбына келтирүүдө француз адистери салым кошуп келүүдө. Алардын демилгеси менен быйыл «Кыргыз аты- ат оюндары» фестивалы Ысыккөлдө үчүнчү ирет өткөрүлгөнү турат. Быйылкы фестивалдын дагы бир өзгөчөлүгү Франциядан келген команда менен хорсбол ат топ оюнуна жергиликтүү команда катышмакчы.

31-октябрда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында кыргыздын нукура жылкысынын тукумун сактап жана калыбына келтирүүгө арналган маданий жана спорттук фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи болмокчу. Ачылыш аземи кыргызстандык жана тажикстандык маданий ишмерлердин, сүрөтчүлөрдүн, манасчы, акындардын жылкыга арналган чыгармалары жана франциялык “Coup d Envoi” ат менен ойнолуучу топ оюну хорсбол командасынын катышуусу менен уюшулган маданий шоу программа менен коштолот.

2-ноябрдан 4-ноябрга чейин Барскоон айылында өтө турган үч күндүк “Кыргыз аты” ат оюндар фестивалында француздардын ат менен ойнолуучу хорсбол мелдешинен сырткары тыйын эңмей, кыз куумай, оодарыш, кунан чабыш, бышты жарыш, жамбы атыш, тайган агытуу, бүркүт салуу жана алман байге ат чабыш болмокчу.

“Айтыш” коомдук корунун жооптуу катчысы Азамат Болгонбаевдун айтымында ушул ат оюндары эл аралык фестивалынын алкагында Барскоон айылында төкмө акындардын айтыш сынагы да болуп, анда 26 акын баш байгеге коюлган “Жигули” үлгүсүндөгү автоаргымак менен 500 миң сомдук байгелер үчүн мөрөй талашка түшөт.

“Кыргыз аты” ат оюндар фестивалынын башкы калысы, франциялык Батист Оклердин айтымында хорсбол боюнча Франциянын командасы Кыргыз жергесине
келип, бир жумадан бери жергиликтүү кыргыз аттары менен машыгуу өткөрүп, бул оюнду кыргызстандык жигиттерге үйрөтүүдө.

“Бул ат минип топ менен ойнолуучу хорсбол оюну мындан 30 жыл мурда пайда болуп, учурда ондон ашуун өлкөдө ойнолуп жүрөт. Бул оюн кыргыздын көкбөрү оюнуна бир аз окшош. Быйыл Аргентинада хорсбол оюну боюнча дүйнө Кубогу алгачкы ирет өткөрүлдү. Кыргыз жылкысы менен бул оюнду ойноо өтө оңой жана ыңгайлуу болот экен. Себеби Францияда англия жана араб тукумундагы жылкылардын бойлору бийик.

Кыргыз жылкысын сактоо жана калыбына келтирүү боюнча эл аралык кор түзүп, иликтөө иштерин жургүзгөн фестивалдын уюштуруучусу француз Жаклин Рипардын пикиринде кунандар 12 чакырымга, быштылар 16 чакырымга марага кое берилет. Ал эми алман байге ат чабышта аргымактар 45 чакырымда сыналат.

Өлкөнүн айыл жана суу чарба министрлигинин малчарбачылыгы бөлүмүнүн башчысы Сулайман Мамаевдин айтымында, кыргыздын нукура жылкысынын тукумун сактоо жана калыбына келтирүүдө иликтөө иштерин жүргүзгөн француз Жаклин Рипардын салымы чоң. Анын демилгеси менен учурда тоо-ташка, ысык-суукка чыдамдуу эки минден ашуун кыргыз жылкысы сакталып, иликтөө иштери жүрүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG