Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

АЗЕРБАЙЖАНДА ТЕРРОР АКТЫСЫНЫН АЛДЫН АЛЫШТЫ


Азербайжандын Улуттук Коопсуздук министрлиги билдиргендей, өлкөнүн коопсуздук күчтөрү Бакыдагы чет-өлкөлүк элчиликтер менен маанилүү объектилерге каршы багытталган чоң террор актысынын алдын алышты.

Жумурияттын Улуттук коопсуздук министрлигинин расмий өкүлү Ариф Бабаев биздин радиого билдиргенине караганда, “террорчу болушу мүмкүн” деп шектелген бир топ адам камакка алынган.

- Кылмыш тобу тарабынан мамлекеттик мекемелерге жана чет-өлкөлүк элчиликтерге каршы багытталып даярдалган террор актысын болтурган жокпуз. Бул боюнча кылмыш изи козголду жана кылмыш тобунун калган мүчөлөрүн да жок кылуу операциясы жүрүп жатат, - деди министрликтин өкүлү.

Анын айтымында, операция учурунда каршылык көрсөтүп, курал колдонууга аракет кылган бир киши өлтүрүлдү жана көп сандагы курал-жарак табылды.

Бул өңдүү билдирүүлөрдөн кийин, шейшембиде эрте менен Бакы шаарында АКШнын элчилиги жабылганы туралуу кабар таркады. Маалыматты элчиликтин расмий өкүлү Жонатан Хеник да ырастады.

- Элчиликке каршы аракеттер болушу мүмкүн деген билдирүүдөн кийин биз иш-аракеттерибизди басаңдаттык. Элчилик азыр деле ачык, бирок биз адатта аткарып келаткан ишибизди, мисалы, виза берүүнү жана америкалык жарандарды кабыл алууну, убактылуу токтоттук, - деди Хеник.

Ал эми Вашингтондо болсо Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Шон Маккормак төмөнкү билдирүү менен чыкты.

- Козголоңчулар Кошмо Штаттардын элчилигиндеги же анын айланасындагы адамдарга, дегеле, элчиликке каршы аракеттерди көрүшү мүмкүн деген ачык маалымат айтылды. Бирок биз Азербайжан өкмөтү менен өтө жакшы иштешип келдик. Азыр, менимче, алар коркунучтун негизги тамырын жок кылуу үчүн мыйзамдуу аракеттерди көрүп жатышат, - деди Шон Маккормак.

Акыркы күндөрү азери бийликтери өлкөдөгү ваххабийлерге каршы аракеттерди көрүшкөн. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазышканына караганда, түндүк тараптагы Закатала провинциясында башына селде оронгон студенттерди, мисалы, дарстарга киргизишкен эмес.

Советтер Союзу таркагандан кийин эле Азербайжанда диний кайра жаралуу күчөп, чет-өлкөлүк диний топтор активдеше башташты. 1990-жылдардын башында Сауд Арапстан, Кувейт жана Түркиядан бир топ уюмдар Азербайжанда мечиттер менен медреселерди куруп, өздөрүнүн дааватчыларын жиберишкен. Ал эми 90-жылдардын этек ченинен тарта өкмөт динди, атап айтканда, диний окуу-жайларды, көзөмөлгө ала баштайт. Барган сайын өкмөт айрым окутуучуларды экстремистчил деп, куугунттукка алууга өткөнү айтылууда.

Бүгүнкү Азербайжанда элдин турмушунда кедейрлер менен байлар ортосундагы ажырып кеңейип, коррупция жогорулап турган кез. Оппозиция дээрлик жок кылынган. Ушундан уламбы, айрым аналитиктер келечектеги негизги саясий күч катары ислам факторун атап жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG