Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Ирактагы коопсуздукту камсыздоочу менчик фирмалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча макулдашууга жетишилди


Пентагон жана АКШнын Мамлекеттик департаменти жетишкен келишимге ылайык, эми андай фирмалардын ээн-эркиндиги чектелет. Мындай чечими Блэкватер фирмасынын жоокерлери тарабынан өткөн айда 17 букара атып өлтүрүлгөндөн кийин кабыл алынды. Ирак өкмөтү да менчик фирмалардын кызматкерлеринен кол тийбестик иммунитетти алып салган мыйзамды жактырды. Иракта көпчүлүгү АКШ жана Европа мамлекеттерине таандык болгон 180ден ашуун коопсуздук фирмалары бар. Аларда 50 миңден көп кызматкерлер иштейт.

XS
SM
MD
LG