Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

14:54 Бишкекте «Ата мекен» партиясынын республикалык курултайы биринчи отурумун жыйынтыктады


Бүгүн Бишкек шаарында «Ата мекен» партиясынын VII-курултайы биринчи отурумун жыйынтыктады. Курултай өз ишин Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов жана Түгөлбай Казаковдун сөзүнө жазылган «Ата мекен» аттуу гимндин жаңы варианты менен баштады. Жер-жерлерден келген делегаттар каттоодон өтүп курултай башталган соң, «Ата мекен» партиясынын туусу алдында бириккен белдүү саясатчылар эл алдында сөз сүйлөштү. Курултайга катышып отурган «Элет» партиясынын лидери Накен Касиев, расмий түрдө алдыдагы шайлоодо «Ата мекен» партиясын колдой турганын жар салды. Партия лидери Өмүрбек Текебаев, бийлик атайылап оппозициядагы саясий күчтөр биригип кетпеши үчүн референдум аркылуу баш мыйзамды каалашынча өзгөрткөнүн, партиялардын өз ара келишип, бир «блок» түзүшүнө бут тосконун, ага карабай оппозиция лидерлери жеке амбицияларын таштап, «Ата мекен» партиясынын туусу алдында биригишкенин, ошентип бийликтин карасанатайлыгы ишке ашпай калганын кенен баяндады. Ал эми курултайга байкоо салганы келген Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун кеп кезеги келгенде, оппозициянын бириккенин кубаттай турганын, бирок, партия катарында А.Акаевдин доорунда анын айдагында жүргөн азаматтардын пайда боло баштаганы чоочулоону пайда кыларын эскертти. Партия лидерлери курултай бир канча күн созуларын, парламенттик шайлоого катышчулардын тизмеси дагы да болсо такталып жатканын, ал тизме 7-ноябрда ачыкка чыгарыларын айтып жатышат. (IJz)

XS
SM
MD
LG