Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

16:45 С.Курбаналиев: Борис Полуэктовго тергөө жүрүп жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” маалымдаган Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сабыр Курбаналиевдин айтымында, УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Б.Полуэктовду жана анын шериги Борис Матвеевди учурда Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тергөөдө. Маалыматка карагнда 29-октябрда Борис Полуэктов шериги экөө Кочкор районунун Жалак Бел участкасынын тургуну Бакыт Асанакуновдун топозун тоодон атып, этин жиликтеп “Мицубиси-Паджеро” унаасына салып кетип бараткан жеринен жергиликтүү тургундар тарабынан кармалган. Окуя болгон жерге жете келген милиция кызматкерлери текшере келгенде бир канча мылтык, топоздун эти, териси, башы чыккан. ИИМдин басма сөз кызматынын 30-октябрдагы маалыматы боюнча мурдагы коопсуздук кызматкери Борис Полуэктов жана Борис Матвеевге “мал уурдоо” боюнча кылмыш иши козголгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG