Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:15

Россия жана Грузиянын мамилеси осолдооодо. Президент Саакашвили Грузия менен жикчил Абхазия ортосундагы бейтарап коопсуздук аймагына күтүүсүз визит менен барды. Ал Россиянын тынчтык күчтөрүн Москва- Тбилиси арасында “чоң провокацияга” айланчу чатак ишти жасады деп күнөөлөп, алардын комнадачысы, генерал Чабандын өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылды. Грузин тараптын ырасташынча, 30-октябрь күнү россиялык батальондун жоокерлери Ганмухури кыштагында грузин полициясынын үч кызматкерин камакка алып, ур-токмокко алышкан.

Президент Михаил Саакашвили Ганмухури кыштагына россиялык тынчтык аскерлери грузин полициясынын үч кызматкерин камакка алып, төпөштөгөнү тууралуу кабарды угуп, шашылыш тикучар менен жетип келген эле. Ал эки ортодогу коопсуздук тилкесин күзөткөн россиялык тынчтык аскерлеринин Грузиянын ички иштер күчтөрүнүн кызматкерлерин Ганмухури кыштагында кармап, сабашканы үчүн ырасмий Москваныни кечирим суроосун талап кылып, мындай окуя дагы кайталанса, эки өлкө арасына чок таштала турганын эскертти:

- Биз ички иштер күчтөрүбүздүн полиция кызматкерлерин сабашкандары үчүн кечирим сурайт жана ар кандай провокациялар токтотулат деп күтөбүз. Бул грузин бийликтеринин талабы. Россиянын тынчтык күчтөрүнө бул окуя боюнча чукул арада билдирүү жасайбыз. Мындай окуя дагы кайталанчу болсо, силер Россияны жана Грузияны өтө чоң провокацияга түртөсүңөр.

Грузиянын амирин тааныбаган Абхазияга чектеш аймакка шашылыш учуп келген Саакашвили менен россиялык тынчтык күчтөрүнүн чатагын Россиянын жана Грузиянын телеканалдары жаамы журтка көрсөттү.

Грузин бийликтеринин ырасташынча, россиялык аскерлер Ганмухири кыштагына мыйзамсыз киришкен. Ал эми тынчтык күчтөрүнүн өкүлүнүн ИНТЕР ФАКС агенттигине маалымдашынча, грузин полициячылары тычнтык аскерлери менен араздашкандан кийин камакка алынган.

Россиялык аскерлер полициячыларды бошотууну талап кылган жергиликтүү элди жана грузин күчтөрүн жоошутуу үчүн асманга ок атышканын да көрсөттү.

Президент Саакашвили россиялык тынчтык аскерлеринин командачысы, генерал Сергей Чабанды өлкө аймагын таштап кетүүсүн да талап кылды:

– Биздин чыдамыбыз аягына чыгууда. Ошондой эле, мырза Чабанга айтып койгула, мени аны Грузия үчүн ылайыксыз инсан деп жарыялаймын. Ал Грузиянын территориясынан бир- эки күн ичинде чыгып кетсин. Сухуми да Ганмухури, Зугдиди жана Тбилиси сыяктуу эле Грузиянын бир бөлүгү экенин мен силерге айтып койоюн. Генарал Чабан тез чыгып кетиши лаазим. Силер - мандатыңарда көрсөтүлгөн жоболорго жараша-баарын создуктурбай тартипке келтириши шарт.

Генерал Чабандын ИТАР ТАСС агенттигине айтышынча, ал президент Саакашвилиге баш ийбейт жана регионду таштап кетпейт.
XS
SM
MD
LG