Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

1-НОЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1917-жылдын 1-ноябрында Жетисуу орус-казак аскерлеринин Совет бийлигине каршы көтөрүлүшү башталган. Кыргыз милициясынын уюшулушуна быйыл 82 жылдын жүзү ашты.

1875-жылдын күз айында Кокон хандыгы орус аскерлерине жеңилип, Маргалаң келишимине ылайык хандык Россия империясына моюн сунууга аргасыз болгон. Келишимдин үчүнчү пунктунда каралгандай, 1875-жылдан баштап хандык империя казынасына согуш чыгымдарынын ордун толтуруш үчүн 600 миң рубль контрибуция төлөп туруусу милдеттендирилген. Мындан тышкары, келишимдин 3-параграфына кошумча киргизилип, ал боюнча 1876-жылдын 1-ноябрынан баштап хандык кошумча 500 миң рубль контрибуция төлөп берүү милдетин алган.

1917-жылдын 1-ноябрында Пишпек уезддик бийлиги аргасыз абалга кириптерленди. Борбору Ташкент шаары орун алган Түркстан крайында петрограддык үлгүдөгү совет бийлиги орноп, ал эми Пишпек уездди баш ийген Верный шаары болсо, Сибирдик демократиялык бийликке киргендигин билдирген. Мындан улам Пишпек уезддине эки жактан тең көрсөтмө, буйруктар түшүп, алар бирдей деңгээлде аткарылбагандыктан уездде бийлик анархиясы орногон.

1917-жылдын 1-ноябрында Жетисуу орус-казак аскерлеринин Совет бийлигине каршы көтөрүлүшү башталган. Антисоветтик козголоңго казак отрядынын офицерлери тартылып, алар аймакта ак гвардиячылардын диктатурасын орнотууга жетишкен.

1-ноябрь кыргыз милициясынын уюшулуш күнү катары белгиленип келишине быйыл 82 жылдын жүзү ашты. Кара-Кыргыз Автономиялык Областынын ревкому аткаруу комитет менен административдик бөлүмдөрдү ачуу туурасындагы чечим чыгарып, анын натыйжасында областта материалдык бөлүм иштей баштаган. Материалдык бөлүмдө жалпы милиция, кылмышты тергөө жана түрмө бөлүктөрү орун алып, милициянын укук коргоо багытындагы иши 1924-жылдын 1-ноябрынан тарта башталгандыктан, бул дата кыргыз милициясынын уюшулуш күнү катары кабыл алынган.

2005-жылдын 1-ноябрында Молдовановка айлында орун алган № 31 колониядагы тополоң басылып, тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анын натыйжасында, түрмө жатаканаларынан арбын курал-жарак табылып, укук бузуучулардын ысымдары такталды.

Бул күнү, 1721-жылы Петр I императордук титул алып, 1848-жылы француз живописчиси Жюль Бастьен-Лепаж, 1871-жылы композитор Александр Спендиаров, 1873-жылы румын скульптору Димитре Пачуря жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG