Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

ГРУЗИН ПОП-МАДАНИЯТЫ “АСКЕРЛЕШИП” БАРАТАТ


Грузиялык поп-ырчы Нини Бадурашвили быйыл жыл башында аскерий маанайдагы патриоттук ыр ырдап чыккан эле. Ал ыр ошо менен эле унутулуп калгандай болгон, бирок өткөн жумада анын аткаруусундагы жаңы видео-клип көрсөтүлгөндөн кийин, ырдын айланасында талаш-тартыш кайра күчөдү. Айрымдар аны өтө эле аскерий жана улутчул деп сүрөттөшсө, дагы бирөөлөр ырдын пайда болушун бүгүнкү Грузиянын поп-маданиятындагы жаңы тенденция катары сүрөттөшүүдө.

Элде, өзгөчө жаш жигит-кыздар арасында, аскерий аң-сезимди ойготуунун эң ишенимдүү жолу ай-чырайлуу кызды аскерий базада ырдатыш болуп калды окшойт.

Алгач популярдуу жаш ырчы Нини Бадурашвили мына ушул миссия менен быйыл жыл башында өлкөнүн батышындагы аскерий базада ырдаган болчу. Бадурашвили “Абхазияга тынчтык!” деп ырдап жатканы менен анын видео-клипинде көрсөтүлгөн сүрөттөр буга такыр эле үндөшпөй тургандай сезилет. Тасмада тик учактар ары-бери учушканы, октор атылып, ар тарапта жардыруулар болгону көрсөтүлөт. Ал эми эрдик көрсөткөн аскерлер азыр Грузияга эмес, Абхазияга карап калган Псоу деген дарыядан суу ичишет. Ыр этегине жетип, аяктап баратканда аскерлер грузин желегин 1990-жылдардагы кандуу кагылышууларда жоготуп койгон регионго орното башташат.

Аскерге чакырган ырлар, адатта, көп эле мамлекеттерде бар, бирок конфликт учурунда жашаган мамлекеттерде аскерге чакырык айтылган ырлар заматта согушка даярдык катары таанылып калып жатканы бар. Азыр Грузияда чыккан ал ырды сынчылар улутчул жана аскерий маанайдагы ыр, видео-клипи да ошондой болуп калыптыр дешет. Андан сырткары, гендердик стереотиптерди аралаштырып, “жасалма түрдө эле патриотизмди” жаратууга арналган кадам деп аташууда.

Бул өңдүү үгүт кампаниясын куралдуу күчтөр өткөрсө бир жөн, бирок бул жолу ал видео-тасманы тартууну Маданият министрлиги колго алып, ага 30 миң доллардай каражат жумшап жатканы көптөгөн суроолорду жаратууда. Министр Гиоргий Габашвили “ал клип адамдарда мекенди сүйүү, биримдикке чакыруу өңдүү сезимдерди ойготууга багытталган” деп айтып салды.

- Ооба, бул – идеологиялык видео. Буга окшогон ырлар башка жерлерде да, мисалы, бирөөсү Осетияда да бар. Биз конфликттер менен проблемаларды жайчылык жолдор менен гана чечүүгө аракет кылган мамлекетте жашайбыз деңизчи. Бирок, ошол эле учурда, проблемалар акыр аягында биздин күчүбүз менен гана чечилет деп айтуудан кылчактабайбыз, - деди Грузиянын маданият министри.

Габашвилинин айтымында, ал видео-клипти тартуу боюнча идеяны ырчы өзү көтөрүп чыккан имиш. “Музыканттар өздөрү бул маселелер туралуу ыр чыгарууну каалап жатышат, мамлекет болгону ал идеяларга багыт көрсөтүп, колдоо гана көрсөтүүдө”, - дейт ал. Бирок бул өңдүү “мамлекеттик колдоо” жалгыз гана артисттерге арналган эмес көрүнөт. Аялдар маселеси менен иштеп келаткан эксперт Тамар Сабедашвили “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, бул видеонун башкы озуйпаларынын бири - аскерге чакыруу экенин айтты.

- Бул - “аялдар аскерге чакырылышы керек, согушка катышышы керек” деген адаттагы эле таризде аткарылып жаткан иш. Ал бизге Экинчи Дүйнөлүк согуштун, кээде андан да мурдагы мезгилди эске салат. Ага ылайык, согуш – бул эркектердин иши жана аларды согушка үндөөнү аялдар колго алышы лаазым. Ошол мезгилден бери эч нерсе өзгөрө электиги, жаңжалдарды чечүүдө жана аскерий иштерде аялдардын ролун кайра каралбаганы чынында өкүндүрөт, - деди Сабедашвили.

Айтылган кептин баары азыркы грузин поп-маданияты аскерий максатта кеңири колдонулуп жатканын айгинилейт окшойт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG