Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

АЛКЫНГАН ИНФЛЯЦИЯ, АЙЛА ИЗДЕГЕН ӨКМӨТ


Өткөн жылга салыштырганда быйылкы жылдын 9 айында ички дүң продукттун өнүгүшү 8,5%, “Кумтөрдү” кошпогондо 9% ашты. Курулуш, өнөр жай, тейлөө тармагында дурус дегидей өсүштөр байкалды. Бирок да азык-түлүк баасынын асмандап кетиши инфляцияны күчөтүп, өкмөт ушу тапта калктын социалдык аялуу катмарына кантип көмөк көрсөтүштүн амалын издөөдө. Өкмөттүн канадалык “Камеко” корпорациясы, “Центерра Голд” компаниясы менен мунаса келишими парламенттен өтпөй, эмдиги жылкы бюджетке кошулчу акчанын келиши да арсар бойдон калууда.

2005-жылы Кыргызстан экономикасы үстөкө-босток көчө жыйын, саясий толкундоолордун айынан аз жерден биротоло кургуйга кулап кетпей, төмөнкү көрсөткүч менен жыйынтыкталган. Өткөн жылкы көрсөткүчтөр деле чеке жылытарлык эмес болчу. Ошондон өкмөт быйылкы жылга ички дүң продукт көлөмү 9% чыгарынан чоң үмүт кылып, инфляция деңгээли 4% тегерегинде болорун болжолдогон. Нан менен май, кумшекер баасы көкөлөй баштаган чакта Улуттук банк инфляция деңгээли 7% чыгып калышы ыктымал экендигин айтып чыккан. Бирок да 9 айдын жыйынтыгы болжолдогондон итапкан ашып, 10% чектен өттү.

- Инфляция деңгээли тогуз айдын жыйынтыгында 10,3% түздү. Анын көбөйүшү азык-түлүктөрдүн баасынын өсүшүнө байланыштуу болду,- деп билдирди Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы Азиз Алиев 9 айдын жыйынтыгын караган өкмөттүк жыйында. Анын себебин А.Алиев дүйнөлүк базарда азык-түлүктүн баасынын көтөрүлүп кетиш ыктымалдыгын айыл чарба сектору эсепке албагандыгына, ошондой эле алардын көбүн кыргызстандыктар сырттан сатып келишине байланыштуу түшүндүрдү.

Сырттан буудай сатып келип, тартылган унду арзан баада колу жука үй-бүлөлөргө таратып берүүнү А.Атамбаевдин өкмөтү инфляция деңгээлин жогорулатпай кармап туруунун жападан-жалгыз жолу катары кароодо. Үч айда айлык маяна, пенсия, социалдык төлөмдөрдү инфляция деңгээлине жараша көтөрүп турууга бюджеттин чама-чаркы чак. Анын үстүнө жардамга муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн буудай сатып алууга жардамы тийчү канадалык компания менен түзгөн келишимдин негизинде келчү акчадан да дайын жок. Келишимди кенен-кесир талкуулаган парламент таратылып, үмүт байлаган документтин мөөнөтү кечээ бүтүп, өкмөт аны дагы эки жарым айга узартууга мажбур болду. Ахывал абыдан эле оор экенин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаевдин жашырган деле жери жок.

- Жаңы парламент шайлангандан кийинки биздин биринчи маселебиз ушул болот. Эгерде жаңы парламент бул келишимди колдоп берсе Кыргызстандын келечеги, асманы ачык болот. Азырынча көрүп турасыңар ахывал абдан оор, татаал.

Кыргызстандын каржы министринин милдетин аткарып жаткан Акылбек Жапаров август айынын аягында канадалык «Камеко» корпорациясы менен кол койгон мунаса келишим өзгөртүлбөгөнүн ырастап, мурунку парламент аны саясий кызыкчылыктардын садагасына чаап ийишкенин белгиледи.

- Биз тараптан бир да пункт боюнча өзгөртүү, сунуштар берилген жок. Болгону мөөнөтүн гана өзгөртүп жатабыз Акциянын баалары бүгүнкү күнү туруктуу өсүп келатат. Жаңы парламент келсе колдоп берет деп мен ойлоп жатам. Мурунку парламенттин деле 90% даяр болуп, «бышып» калган. Тилекке каршы, маселени саясат кылып ийишти. «Эгер силер ушуну колдосоңор силерди токтотпой таратып иет, колдобой койсоңор таратпайт», деген кичине саясат болуп кетти.

Быйылкы жылдын бюджети төрт айдан кийин кабыл алынган. Эмдиги жыл бюджетинин тагдыры деле ошентип чечилет окшоп калды. А.Жапаров 2008-жылдын бюджетине «Камбарата – 2» ГЭСин курууга 1 миллиард 200 миллион сом бөлүү кошуларын, быйылкы жылдын бюджетинен 300 миллион сом керектүү жабдууларды сатып алууга бөлүнгөнүн маалым кылды.

XS
SM
MD
LG