Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

12:48 Ж. Назаралиев 24-марттагы окуяларды мамлекеттик төңкөрүш деп эсептейт


“Эгерде 2005-жылдын 24-мартында чыныгы ыңкылап болгондо, андан бери бийлик системасы толугу менен реформаланып, мамлекетте жаңылануу болмок”, - деп билдирди Жеңишбек Назаралиев бүгүнкү маалымат жыйынында. “21-октябрдагы Баш мыйзамды жана шайлоо Кодексин өзгөртүү боюнча Референдумдун жыйынтыгы – 90% фальсификациялар менен өттү. Себеби элдин 90% Конституциянын жаңы редакциясы жана шайлоо Кодекси менен тааныш эмес. Бийлик алдыдагы парламенттик шайлоодо да административдик ресурсту колдонуп, ушундай көз боемочулукка барса, өлкөдө кайрадан туруксуз саясий кырдаал пайда болушу мүмкүн”,– деген пикирин билдирди Жеңишбек Назаралиев.(JTo)

XS
SM
MD
LG