Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:46

БӨЛӨК-БӨТӨНДӨРДҮН ИЧИНДЕГИ ӨЗ, ӨЗ КИШИЛЕРДИН ИЧИНДЕГИ ЖАТ, КИМ?


Бүгүн көптөгөн депутаттар «Ак жол го» келип кирип кетишти, бирок көбү кийин талаада калышы мүмкүн деп айткан «Эркиндик» саясый партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев, алар «Ак жолдун» тизмесинин алдыңкы ондугунан орун алып калууга далбастап жатышканын, ал партияда аларсыз деле орун тар экенин, ошондуктан биринчи орун үчүн биртоп күнгө дейре ары-бери түртүшүп жүрүп, анан ага жетпей көңүл кайтты болгондон кийин «Ак жолдон» чыгуунун миң түркүн себептерин ойлоп табышарын билдирди. Ушул эле «Общественный рейтинг» гезити аркылуу саясый баяндамачы Сыргак Абдылдаев партиялар тууралуу кеп салып, шайлоо кармашына негизинен 3 партиянын тандем-альянсы- Социалисттик «Ата Мекен» менен түндүктүн «акшумкарчылары», «Ак жолдун» курама командасы менен өкмөттүн Социал-демократиялык партиясы, президенттик ультура-радикалдуу «Эркиндик» жана Исках Масалиевдин солчул коммунисттери аттанып баратканын, «Ак жолдо» азыр айкын, ачык программа жоктугун, президенттин бул партиясы катардагы шайлоочуларга илгертен көндүм болуп бүткөн убадаларды кабаттап берерин, анын үгүт иштери да эскирген ураандардын тизмегинен турарын, ошондуктан «Ак жол» кандай болбосун керектүү добушка жетүү үчүн админстративдик өкүм-кысымга барарын, ал эми оппозиция болсо өткөн окуялардан кийин түшүрүп алган кадыр-баркына карабастан жеке амбицияларынан өйдө көтөрүлгөнүн, бүгүн алар «Ата Мекендин» туусу алдында бириккенин, КМШ өлкөлөрүнүн серепчилери буга оң баасын берип жатышканын, анткени кыргыз саясат айдыңында саясый майда топтордон куралган, бөтөнчө Түндүк менен Түштүктү бириктирген жаңы саясый уюм пайда болгонун айтышууда деп жазды. Бирок, көңүл чөктү маанайдагы саясатчылардын болжолунда оппозиция Жогорку Кеңештен жыргаткан деле орунга ээ боло албайт, ашып кетсе 10-15 мандат алат. Ал эми «Акжол» менен Атамбаевдин партисы биригип 40-45 мандатка, бийликтин калган майда-барат партиялары биригип 25-35 мандат алышы мүмкүн. Бирок окуялар башкача өңүт алып кетсе Акүйдүн планы ойрондолот. Анын үстүнө А.Атамбаевдын мындан кийин 7-кабатта калар-калбасы да оор маселе бойдон кала берүүдө, мындан улам келерки парламентте Социал-демократтар Акүйдүн өз кишилеринин ичиндеги бөлөк-бөтөнгө айланабы же бөлөк-бөтөн кишилердин ичиндеги өзгө айланабы? Баарын жакында көрөбүз. Андай да, мындай да болуп кетиши мүмкүн деп жыйынтыктайт макала.

«Алга, Кыргызстан» да ушинтип башталган», «Де-факто» гезити менен баарлашкан «Элет» партиясынын төрагасы Н.Касиев президенттин бүгүнкү «Ак жол» партиясынын түзүлүшүнө ушинтип баа берди. Анын айтымында, экөөнүн кымындай да айырмасы жок. 3 жыл мурда да дал ушул азыркыдай көрүнүш болгон. «Алга, Кыргызстан» шайлоо алдында шашылыш түзүлүп, капчыктуулардын баарын ага айдап киргизишкен. Ошондогу «Алганын» 1-тизмесиндегилер бүгүн «Акжолдун» башкы сабынан орун алышты. Губернатор, акимдерге чейин кирген. Бирок мен «Алгага» киргенден баш тартып, губернаторлук кызматтан кетип, «элет» партиясын түзгөн элем, дейт Накен Касиев. Накен мырзанын айтымында баары бир «Ак жол» «Единая Россия» боло албайт, президент бир туруп «Ак жолдун» башына бара калып, бир туруп кайра чыга калып, өздөрү да шылдыңга калып олтурат, кокус Бакиев бийликтен кетсе эртең «Ак жолдо» бир да жан калбай тарап баса берет, ал эми Алмаз Атамбаев башында турган Социал-демократтар жөнүндө партия башчыларынын бийликке кошулбай, өз позициябызда турабыз дегенине ишенүү кыйын, бийликке баш урбаш үчүн Атамбаев кызматын таштап туруп шайлоого аттанса гана ишенимге ээ болмок, мындай болбогон соң Атамбаев баш болуп бүтүндөй министрлери менен Акүйдүн камчысын чабат, ансыз деле ушу тапта бардык министрлерди жер-жерлерге бөлүштүрүп коюшканы жөнүндө маалымат белгилүү болду.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG