Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАЙЫМЫ НУРЖАМАЛ БАЙБОЛОВА КЫЗМАТТАН ЧЕТТЕТИЛДИ


Бишкек шаардык кеңеши 31-октябрда кезексиз сессиясын өткөрүп, Нуржамал Байболованын катышуусу жок эле аны шаардык кеңештин төрайымдык кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечимге добуш берген көпчүлүк депутаттар төрайымды кызматтан четтетүү себебин айтуудан баш тартышты. Байболова депутаттардын мындай чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, адилеттүүлүк издеп сотко кайрыларын билдирди.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары төрайым Нуржамал Байболова үйүндө сыркоолоп жатканына карабай кезексиз чукул жыйын өткөрүштү. Жыйынга катышкан шаардык кеңештин 44 депутатынын 34 сессияга катышты. Жабык эшик артында өткөн жыйында депутаттар шаардык кеңештин төрайымы Нуржамал Байболованы жана анын орун басары Татьяна Пономареваны кызматтан четтетүү тууралуу чечим кабыл алышып, 32 депутат колдоп, экөө каршы болду. Сессиядан чыгышкан шаар депутаттарынан Байболовага ишеним көрсөтпөөнүн себебин сураганыбызда, дээрлик бардыгы жооп берүүдөн баш тартышты.

Байболованы кызматтан кетирүү тууралуу добуш берген Ленин районун депутаттык тобунун жетекчиси Геннадий Мельницкийдин пикиринде дурус эле иштеп жаткан шаардык кеңештин төрайымын кызматтан кетирүүдө чоң саясат аралашып кеткен.

Ишеничтүү булактарга караганда шаар кеңештин 40 депутатты Байболовага ишеним көрсөтпөй, шаардык кеңештин ишин канагаттандырарлык эмес деп табышып, кызматтан кетирүү боюнча ич ара кол топтошуп арыз жазышкан. Айрым бир маалымат каражаттары Байболованы шаардык кеңештин бюджетинен 500 млн. сомду максатсыз пайдаланып, коромжо кылды, деп жазып чыгышкан. Нуржамал Байболова болсо шаардык кеңштин бюджети 8 млн. сом экенин, 500 млн. сом тууралуу кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн аны жаманатты кылуу максатында ойдон чыгарылган маалымат экенин «Азаттыкка» билдирди.

Сессияда Байболовага каршы добуш берген бир дагы депутат шаар кеңешинин ишин начар деп айтууга ниеттери барбайт дейт, депутат Абдыгул Чотбаев.

-Азыр ушул каршы добуш берген депутаттардан сураңызчы «шаардык кеңеш кандай иштеди?»-деп. Бири дагы жаман иштеди деп айта албайт. Себеби шаардык кеңеш мурдагыларга салыштырмалуу абдан жемиштүү иштеп, жаңылануу жолуна түшкөн. Ал эми Нуржамал Байболованы төрайымдык кызматтан кетирүү, бул саясий чечим болуп калды. Бул жерде накта чоң саясат жатат.

Нуржамал Байболова болсо аны кызматтан кетирүүгө президенттик администрация жана шаар мэринин милдетин аткаруучу кызыкдар, дейт. Анын айтымында, бийлик кысым жасап, коркутуп-үркүтүү жолу менен шаар депутаттарын мыйзамсыз иштерге барууга мажбур кылган.

-Шаардык кеңештин кезексиз сессиясында кабыл алынган чечимди, мен укуктук жагынан мыйзамсыз, деп эсептейм. Бул боюнча менин юристтерим иштеп жатышат. Алдыда кандай кадамдарды жасайм, бул тууралуу кийинчерек маалымдайм.

Нуржамал Байболова аны каралап жазган маалымат каражаттарын, шаардык депутаттардын чечимин сотко берүүгө даярдык көрүп жатканын боолголоду.

Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын мыйзамдуулугуна, укуктук негизине байкоо салганы барышкан бейөкмөт уюмдардын 7-8 өкүлүн, депутаттар регламентке ылайык жыйынга катыштырбай, милиция кызматкерлери аларды күч менен имараттан сүрүп чыгарышты. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдырасулова шаар бийлиги автомат менен куралданган атайын даярдыктагы милиция кызматкерлерин чакыртып, бейөкөт уюмдарынын өкүлдөрүн күч менен шаардык кеңештин имаратынан чыгарылышын, мамлекетте мыйзамдуулук эмес, коркутуп-үркүтүү саясаты күч алды, деп эсептейт.

«Жарандык коом коррупцияга каршы» укуктук борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова шаардык бийликтин жана шаар депутаттарынын мындай күч колдонуу ыкмасын мыйзамдын жолу менен теске салуу керектигин айтып, сотко кайрыларын билдирди. Анын көз карашында шаардык кеңештин депутатары да коррупциялашып кеткен.

-Ак үйдүн же, көк үйдүн «заказдарын» аткарган ушул депутаттар отурган бул кеңеш коррупциялашкан кеңеш. Эми биз регламентин, шаар бийлигин сотко беребиз. Негизгиси шаардык кеңештин саясий оюнчук болуп калганына көзүбүз жетти. Бул абдан өкүнүчтүү.

Атуулдук коомдордун өкүлдөрү шаардык кеңештин депутаттарынын аракетин мыйзамсыз деп эсептеп, укуктук негизде мыйзамдуулуктун сакталышын коргой тургандыктарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG