Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

1-НОЯБРЬ – КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫНЫН КҮНҮ


Тартип коргоо кызматкерлеринин кесиптик майрамына байланыштуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.

- Бүгүнкү күнү ички иштер тармагында кандай жетишкендиктер жана чечилбеген көйгөйлөр бар?

- Негизинен биз бүгүн жалпы кыргыз милициясынын майрамын майрамдап жатабыз. Кыргызстан боюнча 9 айдын ичинде 60 миңге чукул кылмыш катталып, анын 46 миң кылмыш бети ачылып отурат. Мындан сырткары эң негизги орчундуу маселелердин бири бул адам өлтүрүү, 10 айдын ичинде 193 факты катталса, анын 113нүн бети ачылган. Мындан сырткары эң негизги көйгөйлөрдүн бири жол кырсыгы болуп жатат. Жол кырсыгы боюнча. Бул боюнча Кыргызстанда 4 миңге чукул жол кырсыгы катталып, анын ичинен миңге чукул адамдын өмүрүн алып кеткен. Жалпы кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча азыркы учурда жакшы эле.

Албетте, ийгиликтер менен бирге кемчиликтер да болбой койбойт. Бүгүнкү учурда кылмыш ишин ачууда, тергөө жүргүзүүдө, аны сапаттуу тергөө сотко ашырууда айрым бир кызматтык кемчиликтер болушу мүкүн. Бирок негизинен транспорттук кемчиликтер, социалдык жактан коргоо сыяктуу маселелер бүгүнкү күндө чечилди. Быйылкы жылдын ичинде эле ички иштер министрлиги 200гө чукул ар кандай маркадагы автоунааларды, курал-жарактарды, кийим-кечектерди алышты. Ошондой эле Кыргызстанда башка мамлекеттер дагы бизди колдоого алышып колдон келген жардамдарын берип жатат.

-Эки күн мурун журналисттер бирикмеси кесиптештерин бүгүнкү милициянын майрамын чагылдырбоого чакырышпадыбы. Буга тартип сакчылары кандай мамиле кылышты?

- Бизге бойкот жарыялайбыз дешти. Биз саясий ишмер эмеспиз да. Бизге бойкот жарыялайбы, жарыялабайбы биз өзүбүздүн кызматыбызды аткарып келе беребиз. Биздин негизги кызмат коомдук тартипти сактоо жана кылмыш бетин ачуу. Алардын өздөрүнүн жеке ой-пикирлери биздин күндөлүк аткарып жаткан ишибизге өз таасирин тийгизбейт деп ойлойбуз.

- 2007-жылдын тогуз айында эле 10 журналистке белгисиз бирөөлөр тарабынан күч колдонуу фактылар катталган, акырында бири окко учкан. Бирок дагы тартип коргоо органдары тарабынан ушул кылмыш иштин бети ачылбаганына нааразы болуп атышат. Журналисттерге болгон кол салуулардын бетин ачууга кандай тоскоолдуктар бар?

- Басма сөз каражаттарынын кызматкерлерине күч колдонуу, ага карата жасалган кылмыштар дүйнө жүзүндө өзгөчө көзөмөлдө турат. Ошондой эле бизде Кыргызстанда дагы басма сөз кызматкерлерине жасалган кылмыштарга карата да өзгөчө көзөмөл бар. Алар айтып атат, 18ге жакын журналисттерге жасалган кылмыштардын бети ачылбай, тергелбей ошол бойдон калып калды деп. Бүгүнкү учурда “Голос Америки” менен журналисттер коомчулукка билдирген 18 журналисттин тизмесин бере турган болсо, мен алардын ар бирине өзүнчө отчет берүүгө даярмын. Себеби бизде да атайын көзөмөлдө турат. Ошондуктан ага байланыштуу кылыш ишинин ачылышы, тергөөнүн жүрүшү жана анын сотко жеткирилиши боюнча да өзгөчө көзөмөлдө турат.

Себеби, биз да жакшы түшүнөбүз бул маселелерди. Ошондуктан мен ойлойм булардын айткандарынын чындыгы жок болуш керек деп.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG