Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

15:03 “Дастан” корпорациясынын акционерлери жетекчилерге нааразы


“Росиндустрия” жоопкерчилиги чектүү коомунун жетекчиси А. Касьяненко “Дастан” АКнун директорлор кенешинин жетекчисинин кызматтан алынышына 30 млн. сомду кол алдындагы “Дастан Инжииринг” компаниясына которуп бериши себеп болду деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Ушул жылдын сентябрь айында “Дастан” АКнун жетекчилиги 30 млн. сомду кол алдындагы ишканага которулушуна нааразы болгон акционерлер директорлор кенешинин жетекчиси Каныбек Табылдиевге ишеним көрсөтпөй коюшкан. 26-октябрда анын ордуна экс-депутат Улугбек Ормонов дайындалган. Мурдагы Союз маалындагы ири аскерий өнөржай ишканасы кийин “Дастан” АКна айландырылып, анын 57% акциясы өкмөт колунда, калгандары эмгек жамаатына бөлүнүп берилген. Бирок да өкмөттүн колундагы акциялардын 20% ишкана жетекчилерине ыйгарылган. “Росиндустрия” компаниясы акциялардын 17% ээ. (BSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG