Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

16:40 Европа Биримдиги кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун өлтүрүлүшүн чечкиндүү түрдө айыптайт


Биримдик ушундай билдирүү таратканын бүгүн Германиянын Бишкектеги элчилигинен кабарлашты. Анда демократиялык коомду курууда сөз эркиндигинин жана адам укуктарынын сакталышынын маанилүүлүгү белгиленген. Ошондой эле Биримдик журналисттин өлүмүнө терең кайгыруу билдирүү менен анын ишмердигин, адам укуктары боюнча абалды жакшыртууга кошкон салымын жогору баалары айтылып, кыргыз бийликтерине бул окуя боюнча кечиктирилгис жана дыкат иликтөө жүргүзүү, президент Курманбек Бакиев коомчулукка жарыялагандай кылмышкерлерди таап, ишин сотко өткөрүү чакырыгы ташталган. Өзбек улутундагы кыргызстандык белгилүү журналист Алишер Саиповду 24-октябрдын кечинде Ош шаарында белгисиз бирөөлөр атып кеткен. (SM)

XS
SM
MD
LG