Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Ош шаарында «Борбор Азияда суу ресурстарын башкаруу» аттуу теманын астында эл аралык илимий-практикалык семинар өтүп жатат. Анын жүрүшүндө аймактагы суу байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык коопсуздук, жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, мамлекеттер ортосундагы эркин жана теңата диалог туурасында кең-кесири кеп козголууда.

Кыргыз Илимдер Академиясынын суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору Дүйшөн Мамырканов өзү жашаган өлкөдө суу жана энергиядан башка байлыгы жок экендигине токтолуп, заманга жараша эми ошолорду сатып деле мамлекет тиричилигин тыңдаса болот деген көз карашта:

- Кыргызстандын келечеги бул сууну жана анын энергиясын пайдаланыш керек. Токтогул суу сактагычынын негизинде 1 млн. 300 миң гектар жерди Казакстан, Өзбекстан сугарып абдан көп пайда табышат. Ошолордон пайда табыш үчүн биз Токтогулдун астында калган 28 миң гектар жер түшүм бербейт. Жылына 7 млн. долларды жоготуп атабыз, анын ордун алар басыш керек эле, баспайт.

Казакстан улуттук техникалык университетинин гидролог-илимпозу Вячеслав Завалейди саркынды суулардын тагдыры жана экологиясы кызыктырды. Себеби, азыркындай суу тартыш заманда аларды кайра тазалап урунуу зарылчылыгы пайда болууда.

- Эмнегедир экологияны унутуп калгандайбыз. Ушул жатта да кеңири сүйлөшүп жатабыз. Негизгиси агынды сууларды тазалап, кайра пайдаланбасак, суу сыйлаган бар болоор, суу кордогон зар болоор. Ошондой эле мен мындан ары түйүндүү маселелерди чырдашпастан, тегерек үстөл үстүндө маңдай-тескей олтуруп чечүү зарыл деп эсептеймин. Анткеним, тирешүүсүз жана эл аралык жаңжалсыз бардык көйгөйлөрдү цивилизациялашкан нукка салса болот.

Тажикстандык профессор, экономика институнун жетекчиси Уктам Муртазаев Борбор Азияда ушул тапта төмөнкү багыттарга артыкчылык берүү орчундуулугун эске салды:

- Биринчиси, сууларды тең бөлүштүрүүгө убакыт жетти. Экинчиси, жаңы ГЭСтерди куруу үчүн аймактагы республикалар бири-бирине түздөн-түз жардамдашканы оң. Буга эл аралык коомчулук да каршы эмес жана карап турушпайт. Үчүнчүсү, аталган тармакка жаңы заманбап технологияларды кийирүү, мунун өзү түшүмдүүлүктү арттырууга чоң таасир этмекчи. Акыркысы, бардык аракеттерди такай координациялоочу бирдиктүү уюм түзмөйүнчө, акыбал жакшырбайт.

Илимий практикалык семинардын жүрүшүндө талкууланып жаткан негизги проблемалардын тегерегинде көз карандысыз эксперт Абдурасул Низамов өз оюн мындайча бөлүштү:

- Тажикстан менен Кыргызстан суу пайда кылуучу зоналарда жайгашкандыктан суу берүүчү өлкөлөр болуп эсептелинген. Ошондуктан экөөнүн позициясы, коюп жаткан маселелери бир. Ал эми коңшу өлкөлөр Казакстан менен Өзбекстан негизги биздин сууну пайдалануучулар. Жакындаштырылган пайыз менен айтсак бир 10-15 пайыз сууну пайдаланабыз, калганын жакынкы өлкөлөргө берип отурабыз. Социалдык жактан караганда биз кандайдыр бир бөлүгүн беришибиз керек, бирок экономикалык жактан сөзсүз түрдө алар бизге төлөш керек. Рынок экономикасында сууну биз товар катары карашыбыз керек,- деди Абдурасул Низамов.

«Борбор Азияда суу ресурстарын башкаруу» аттуу семинар үч күнгө созулуп, 1-ноябрда Карасуу районуна караштуу Папан суу сактагычына саякат жасоо менен жыйынтыкталмакчы.
XS
SM
MD
LG