Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

Түркиянын санкциялары күчүнө кире элек


Өлкөнүн премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Ирактын түндүгүндөгү күрд согушкерлерин колдогондорго каршы киргизилген экономикалык санкциялар азырыча күчүнө кире элек. Эрдоган ошондой эле Түркия түндүк Иракка багытталган каттамдар үчүн өзүнүн аба мейкиндигин жапты деген маалыматтарды да төгүндөдү. Түркия азыр Ирак менен чек арасына күрд согушкерлерине каршы ыктымал аскерий операцияга даярдык катары миңдеген жоокерлерин топтоп койгон учуру. Кечээ түрк өкмөтү Күрд жумушчу партиясы – ПККны колдогондорго каршы экономикалык санкцияларды жактырды. Түрк өкмөтүнүн бул чечими көбүнесе Ирактын түндүгүндөгү Күрд автономиясынын админстрациясына каршы багытталган чара катары каралууда.

XS
SM
MD
LG